Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрүү пункту ачылат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЦеремония открытия обновленного контрольно-пропускного пункта "Токмок-автодорожный"
Церемония открытия обновленного контрольно-пропускного пункта Токмок-автодорожный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Каркыра" көзөмөл өткөрүү жайы Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрүү пункту 1-майдан тарта ачылып, иштей баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, өткөрүү пункту эртең менен саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин иштейт.

"Көзөмөл өткөрүү жайынан жарандар жана жеңил автоунаалар гана өтө алат. Андан сырткары, бул жерде электрондук виза менен өтүүгө болбойт", — деп айтылат билдирүүдө.

"Каркыра" көзөмөл өткөрүү жайы Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0