Чала уйку менен иштеги стресс адамдын кайсы органын жабыркатары айтылды

© Sputnik / Денис Хуторецкий / Медиабанкка өтүүТверской бульвар в Москве
Тверской бульвар в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар иштен 5-10 мүнөткө алаксып, кыймылдап, спорт менен алектенүү зарылдыгын айтышты.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Иште стресске көп кабылып, уйкусу канбай жүргөн адамдын жүрөк ооруга кабылуу ыктымалдыгы жогору. Бул туурасында EurekAlert порталы жазды.

Окумуштуулар эмгекке жарамдуу, бирок акыркы 18 жылдан бери кант диабети же жүрөк оорусу бар 2000ге чукул кишинин маалыматтарын анализдеп чыккан. Алар 25-60 жаш курагындагылар эле.

"Гипертензия чала уйку жана стресс менен коштолгондо адам жүрөк ооруга чалдыгышы мүмкүн. Стресс факторлору бул тобокелдикти 1,6 жана тынчы жок уйку 1,8 эсеге көбөйтөт", — деп айтылат маалыматта.

Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кан басымды түшүргөн азык-түлүктөр аталды. Тизме
Жумуштагы стресс иштегилерге коюлган жогору талап жана кызматкердин иш ыргагында тиешелүү чечимди өз алдынча кабыл албастыгынан да келип чыгарын айтышты. Уйкунун канбашы да иштеги стресске байланыштуу экендиги белгилүү болду.

Окумуштуулар иштен 5-10 мүнөткө алаксып, кыймылдап, спорт менен алектенүү зарылдыгын жана адам өзүнүн салмагын көзөмөлгө алып турушу керектигин айтышты.

Буга чейин окумуштуулар жүрөк оорунун алдын алуунун эң жөнөкөй жолдорун маалымдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0