Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. 29-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дагы жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Билдирүүгө ылайык күндүз абанын температурасы Чүй облусунда +18…+23, Таласта +17…+22 градуска жетет.

Ысык-Көлдө күндүн табы +15…+20 градуска чейин көтөрүлсө, Нарында +16…+21 градус жылуу болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы +19…+24 градус.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы эки калаада тең +21…+23 градусту түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0