Эрдоган кыргызстандык кыз менен чогуу ырдады. Анкарадагы фестивалдан видео

© Фото / пресс-служба МИД КР41-й Международный детский фестиваль в Анкаре
41-й Международный детский фестиваль в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган жумада Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын катышуусу менен Эгемендик жана балдар күнүн майрамдоого арналган XXXXI эл аралык балдар фестивалы өткөн.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Эгемендик жана балдар майрамына карата фестиваль 1979-жылдан бери уюштурулуп, ага жыл сайын дүйнө жүзүнөн балдар катышат.

Аталган фестивалга быйыл 40 өлкөдөн келген ырчылар жана бийчилер тобу катышып, ал эми Кыргызстанды таанытуу максатында "Жаш жылдыз" бий тобу барган.

Кыргызстандык делегация ТМЖ коомдук фондусунун жетекчиси Мира Токтогонованын жетекчилиги алдында катышкан.

"Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган фестивалдагы кыргыз кызы Бермет Жумабекованын ырдаганына өзгөчө көңүл бөлүп, кошулуп ырдады", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле соңунда Эрдоган "Жаш жылдыз" бий тобу менен өзүнчө кыскача маек курганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0