Ноокендин башчысы төрт хан сарайда жашайбы? Жалал-Абаддагы акимдердин байлыгы

Жазылуу
Жалал-Абаддын район жетекчилери Ош менен Ысык-Көл облусунун акимдеринен баш калкалоочу турак жайы бар экендиги менен айырмаланат. Арасында төрт үйгө ээлик кылгандар да бар. Дагы биринин жери кенен болсо, башкасынын мал-жаны белен.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү район жетекчилеринин мал-мүлкүн тизмектөөнү улантат. Бул ирет Жалал-Абад облусундагы акимдердин 2017-жылга карата тапшырган декларациясын карап чыктык. Бул дубан Арстанбап жаңгак токою, Сары-Челек көлү сыяктуу туристтик жайлары менен таанымал. Мындан сырткары, өлкөнүн экономикасын өргө сүйрөй турган Иштамберди, Тереккан, Макмал сыяктуу бир топ кен байлыктары белгилүү.

Жалал-Абад облусунда жалпы сегиз район бар. Эмнегедир Тереккан, Перевальное, Терек жана башка алтын кендери жайгашкан тоолуу Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев 2017-жылы декларация тапшырган эмес.

Аксы району

Масалбек Мырзамамытов 2017-жылдын февралынан бери Аксы районун башкарып келген. Бирок ушул жылдын февраль айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев анын ишине ичи чыкпай, кызматтан кетирген. Экс-аким бир жылда 213 миң сом киреше табат экен. Турак жайына ээлик кылат, Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа айдайт. Бизнеске ылайыкташкан имараттары да бар экенин көрсөткөн.

Ала-Бука району

Салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура байлыгын жашырган дипломаттар менен прокурорлорду аныктады
Сонунбек Акпаралиев 2016-жылдын башында Ала-Букага аким болуп дайындалып, 2018-жылдын башында Сапар Исаковдун буйругу менен жумуштан бошотулган. Жалал-Абаддагы акимдердин ичинен бир гана Акпаралиевдин үйү жок. Жакын туугандары да ээлик кылбайт. Бирок Lexus (үлгүсүн так көрсөткөн эмес) унаасын айдап, баасы 650 миң сомдук мал багат. Ал эми жылдык кирешеси 378 миң сом.

Базар-Коргон району

Айбек Бегимкулов 2017-жылдын февралынан бери Базар-Коргон районун башкарып келет. Жылдык кирешеси 236 миң сом, демек, бул аким айына 19 670 сом табат дегенди түшүндүрөт. Ошол эле учурда жакын туугандары бир жылда 780 миң сом иштеп тапкан. Бегимкуловдун үйү жана Lexus (үлгүсүн так көрсөткөн эмес) унаасы бар.

Ноокен району

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Туристтер менен кенге бай Ысык-Көлдүн акимдеринин эмне байлыгы бар. Тизме
Жалал-Абаддагы акимдердин ичинен эң эле байы Ноокен районунун башчысы Эркинбек Маматов болуп чыкты. Кызматка 2017-жылдын февралында дайындалган. Декларациядагы маалымат боюнча, бир жылда 2 миллион 256 миң сом иштеп тапкан. Бир үйүнүн аянты 1872, экинчи үйүнүкү аянты 578 чарчы метр. Мындан сырткары, жакын туугандары аянты 1000 чарчы метрден турган эки турак жайга ээлик кылат. Ишкерлик багытындагы имараттары да бар. Ал эми мал-жандыктарынын жалпы баасын эсептегенде беш миллион сомго чукулдайт. Кызыгы, акимдин башка мал-мүлкү кенен болгону менен астында автоунаасы жок экен. Дагы бир жагдай, Маматов 2019-жылдын февралында өз ишин жакшы аткара албады деген жүйө менен кызматтан бошотулган.

Сузак району

Эрмекбай Омошев Сузак районунун башчылыгына 2017-жылдын июль айында дайындалган. Тапкан кирешеси 105 миң сом.

Аким ката жазып алганбы же чоң бир коргонго ээлик кылабы, айтор, бир үйүнүн аянты 6700 чарчы метр, экинчисиники 500 чарчы метрди түзөт. Автоунаасы жок, бирок жылкысы көп экен. Баасы 1 миллион 280 миң сом. Жакын туугандары капиталдык курулуштарга ээлик кылат.

Тогуз-Торо району

Мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тилек Матраимов "алачыкта" жашайт экен. Оштогу акимдердин кандай байлыгы бар?
Тилек Идирисов Тогуз-Торо районуна 2012-жылы аким болуп дайындалып, 6 жыл жетектеген. Былтыр жазда митингге чыккан эл "Макмал" алтын комбинатынын жанына курулган "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабрикасынын курулушун өрттөп, комбинат менен ортодо кагылышуулар болгон. Ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков мындай кырдаалга жол бергени үчүн акимди кызматтан кетирген.

Идирисов бир жылда эки миллион сомго чукул киреше тапкан. Турак жайы бар, бирок унаасы жок. Ал эми жакын туугандары Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын ээси.

Токтогул району

Майорбек Сатымкулов Токтогул районуна 2015-жылы дайындалган. Ал да былтыр Региондорду өнүктүрүү жылында алгылыктуу иш жасай албаганы үчүн 22-февралда кызматтан бошотулган. Жылдык кирешеси 335 миң сомду түзөт. Mercedes-Benz унаасын айдайт. Мындан сырткары, турак жайга жана өндүрүштүк имаратка ээлик кылат. Андан башка байлыгы жок. Жакын туугандарынын да киреше булагы көрсөтүлгөн эмес, бир батирге гана ээлик кылышат.

Белгилей кетсек, Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик кызматкер декларациясында кайсы бир мүлкүн жашырса, кылмыш катары саналат. Мыйзамсыз байыгандар айыпка жыгылат же эки жылга эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюлат.

Мамлекеттик кызматкер декларацияда кайсы мүлктөрүн көрсөтүүгө тийиш:

  • Кыймылсыз мүлк;
  • Кыймылдуу мүлк;
  • Автотранспорттук каражаттар;
  • Маданий баалуулугу бар менчиктер жана өлкө мыйзамдарына ылайык эски буюм катары таанылган буюмдар;
  • Улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары;
  • Баалуу кагаздар;
  • Мал жана башка жандыктар;
  • Зер буюмдар, асыл жана жарым-жартылай асыл металлдар;
  • Жарандарга жана уюмдарга карата финансылык жана башка мүлктүк талаптар;
  • Уюмдардагы капиталдын аларга таандык үлүшү.
Жаңылыктар түрмөгү
0