Петербургда дубал басып калган кыргызстандык: чыгымдарын курулуш фирма өзүнө алды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКурулуш объектиси. Архив
Курулуш объектиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз жумган кыргызстандык жаран аталган курулуш фирмада эмгек келишими жок, расмий эмес түрдө иштеп жаткан.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында дубал басып калган кыргызстандык кишинин өлүмү боюнча КРдин Россиядагы элчилиги кошумча маалымат таратты.

Эске салсак, Санкт-Петербург шаарындагы мейманканалардын биринин имаратын бузуу маалында 36 жаштагы кыргызстандык кокустуктан урап кеткен топурактын алдында калып жан берген. Каза болгон жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун 1982-жылы 9-апрелде туулган тургуну Н.О. экендиги такталып, сөөгү урандынын алдынан 26-апрелде чыгарылган.

Тюрьма Стэнли в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
Чет жерде өлүм жазасына тартылган кыргызстандыктар. Кылмыштын түрлөрү
Элчилик берген маалыматта, каза болгон жаран иштеп жаткан курулуш фирмасы анын сөөгүн мекенине жөнөтүү (Жүк-200) чыгымын өзүнө алып, үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүүгө макул болгон. Бирок көз жумган кыргызстандык аталган фирмада эмгек келишимисиз, расмий эмес түрдө иштеп жаткан.

Аталган факты боюнча Россиянын Санкт-Петербургдагы Тергөө комитети Россиянын кылмыш кодексинин 216-беренесинин 2-бөлүгү (курулуш иштери жүрүп жатканда коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча иш козгогон. Тергөө иштери жүрүп баштады.

Каза болгон жарандын туугандарына укуктук жактан жардам берүү максатында юрист жалданды.

Жаңылыктар түрмөгү
0