№1 убактылуу кармоо жайы шаар сыртына көчөт. ЖАМКтын быйыл жасалчу иштери

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл ишке аша турчу иштердин катарында Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайын Ново-Покровка айылына чыгаруу каралган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев мекеменин коомдук байкоочу кеңешине жолугуп, эл аралык уюмдар менен өнөктөш катары кандай иштер жасаларын айтып берди. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба ГСИНПредседатель Госслужбы исполнения наказаний Кыргызстана Мелис Турганбаев 26 апреля 2019 года встретился с новым составом общественного совета ведомства
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев мекеменин коомдук байкоочу кеңешине жолугуп, эл аралык уюмдар менен өнөктөш катары кандай иштер жасалап айтып берди. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев мекеменин коомдук байкоочу кеңешине жолугуп, эл аралык уюмдар менен өнөктөш катары кандай иштер жасалап айтып берди.
© Фото / пресс-служба ГСИНПредседатель Госслужбы исполнения наказаний Кыргызстана Мелис Турганбаев 26 апреля 2019 года встретился с новым составом общественного совета ведомства
Жолугушууга ЖАМКтын өнөктөштөрү — Европалык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун, БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү да катышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жолугушууга ЖАМКтын өнөктөштөрү — Европалык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун, БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү да катышкан.
1/2
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев мекеменин коомдук байкоочу кеңешине жолугуп, эл аралык уюмдар менен өнөктөш катары кандай иштер жасалап айтып берди.
2/2
Жолугушууга ЖАМКтын өнөктөштөрү — Европалык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун, БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү да катышкан.

Жолугушууга ЖАМКтын өнөктөштөрү — Европалык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун, БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү да катышкан.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү колониясына барып, анын иши менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
Абактардагы жумуш орундары. Турганбаев түрмөлөрдү кыдырды
Турганбаев өнөктөштөр менен 2019-жылдын ичинде жасалуучу иштерди атады. Алардын катарында:

ЖАМКтын абак жайларында өндүрүштү калыбына келтирүү;

Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү колониясынын базасында адистештирилген оорукананы түзүү жана заманбап медициналык комплекс куруу;

ЖАМКтын атайын даярдыктагы "Омега" отряды үчүн окуу-машыгуу борборунун эки кабаттуу имаратын салуу;

№1 убактылуу кармоо жайын Бишкек шаарынан Ново-Покровка айылына чыгаруу.

Эскерте кетсек, Мелис Турганбаев ушул жылдын февралында ЖАМК жетекчиси болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0