Кытай менен чек ара 5 күнгө жабылат

© AFP / ANTHONY WALLACEКытайдын чек ара кызматкерлери. Архив
Кытайдын чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай менен чектешкен аймакта жайгашкан көзөмөл өткөрүү боюнча эки жай аталган мамлекеттин демилгеси менен жабылмакчы.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү жайлары 5 күнгө жабылат. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Кытай менен чектешкен аймакта жайгашкан көзөмөл өткөрүү боюнча эки пункт аталган мамлекеттин демилгеси менен жабылмакчы. Анын себеби "Май жана эмгек майрамы" болду.

Ал эми транспорт каттамдары 6-майдан баштап жаңыртылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0