Жаш жигиттин сөөгүн 20 чакырым жерге көтөрүп келдик... Куткаруучунун маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековНурбек Айылчинов ӨКМдин куткаруу кызматында 18 жылдан бери иштейт
Нурбек Айылчинов ӨКМдин куткаруу кызматында 18 жылдан бери иштейт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйдүн подъездинде аял айласын таппай чыйпылыктап, куткаруучуларга эртерээк эшикти ачкыла деп жалбарып турат. Батирде жүрөгү оорукчан жолдошу жалгыз калганын айтып күйпөлөктөйт. Ошол маалда күйөөсү чындап эле "оор" абалда экен, ал үйдөгү көңүлдөшүн кайда жашырарын билбей убараланып жатыптыр.

Куткаруу станциясынын аймагында кырдаал дайым чыңалуу, ӨКМ кызматкерлери ар кандай кырдаалга дайым даяр турушат. Анткени кезектеги кырсык боюнча чакыруу качан келерин айтып болбойт.

Ошол түнкү кезметте мырзалар гана болду, аялдар бул ишке чанда барышат, алар саналуу. Жумуш татаал, ал эми маяна жарытарлык эмес. Айрыкча, диспетчерлердики аз, орточо 8 миң сомду гана түзөт.

Мен барган убакта куткаруучулар кечки тамакка отурушуптур. Журналист келет деп атайын лагман жасашкан экен. "Кашыкты алып, тамак жеп ал. Түн узун",- деп жылмаят Нурбек Айылчинов. Куткаруучу болуп ал ушул кызмат уюшулгандан бери иштейт, 18 жылдан ашты.

© Sputnik / Табылды КадырбековНурбек Айылчинов ӨКМдин куткаруу кызматында 18 жылдан бери иштейт
Жаш жигиттин сөөгүн 20 чакырым жерге көтөрүп келдик... Куткаруучунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Нурбек Айылчинов ӨКМдин куткаруу кызматында 18 жылдан бери иштейт

Айылчиновдун айтымында, ӨКМге кызматка жарыя берүү менен алышат. Өзгөчө жөндөм деле талап кылынбайт, тек гана чымыр, чыйрак болуу зарыл. Иш канчалык маанилүү экендигин Нурбек биринчи чакырууда эле аңдаган.

"Окуя тоодо болгон, жаш альпинист жоголот. Көрсө, байкуш 100 метр бийиктен кулаптыр. Сөөгүн тапканыбызда каргалар эбак көздөрүн оюп салган экен. Ошол кезде болгону 22 жашта болчумун, өлүктөн аябай коркчу элем. Балдар менен альпинисттин сөөгүн 20 чакырым жерге көтөрүп келгенбиз", — деп баяндайт куткаруучу.

Кезметтеги куткаруучулар дайым шибегенин үстүндө отургандай абалда. Чакыруу түшөрү менен аларга даярдыкка эки гана мүнөт берилет. Ыкчамдык дайым актала бербейт, бирок кээде куткаруучулар кызык окуяларга да күбө болушат.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Күйөөсүн куткаралы деп кирсек, көзүн алайтып көңүлдөшү менен отуруптур. Аялын алаксытып ары алып кетип, абалды жайгарганыбыз эсимде", — деп айтып берди куткаруучу Нурбек Айылчинов
Жаш жигиттин сөөгүн 20 чакырым жерге көтөрүп келдик... Куткаруучунун маеги - Sputnik Кыргызстан
"Күйөөсүн куткаралы деп кирсек, көзүн алайтып көңүлдөшү менен отуруптур. Аялын алаксытып ары алып кетип, абалды жайгарганыбыз эсимде", — деп айтып берди куткаруучу Нурбек Айылчинов

"Кезметтердин биринде мындай бир учур болгон. Аял жумуштан келип, эшикти ача албайт. Бизге ыйлап чалып, жүрөгү оорукчан күйөөсү үйдө жалгыз экенин айтып, тез келүүбүздү өтүндү. Каалганы сындыргыбыз келбей, чатырдан түшүп кирели дедик. Бөлмөдө аялдын күйөөсү коркконунан көзү алайган көңүлдөшү менен турат. Эмне кылабыз анан? Үй-бүлөнү сактап калууга туура келди, сырттагы аялын алаксытып, күйөөсүнүн көңүлдөшүн билгизбей алып чыгып кеткенбиз", — деп күлүп эстейт ал окуяны Нурбек.

Шаардыктар куткаруучуларга каалганы ачып берүү боюнча көп кайрылышат. Диспетчер Александр Пасечник негизинен мындай учурлар ата-энелер эс алууга чыгып, балдарын үйгө калтырган убактарда болорун түшүндүрөт.

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМдин диспетчери Александр Пасечник
Жаш жигиттин сөөгүн 20 чакырым жерге көтөрүп келдик... Куткаруучунун маеги - Sputnik Кыргызстан
ӨКМдин диспетчери Александр Пасечник

"Кудайга шүгүр, ушунча жылдык ишимде кандай чакыруулар болбосун, эч биринде наристе өлүмү жок. Болгону балдардын уйкусу катуу, ата-энеси эшикти каккылаганын туйбай калышат. Биз өз ишибизди аткарабыз, ага карабай, ата-энелер жинденип, ызы-чуу да салышат. Ал эми чер жазып жүргөндө балдарын ойлоп да коюшпайт. Андайларды ата-энелик укуктан ажыратыш керек!" — деп кыжырданганын жашырбайт диспетчер.

Пасечник чоң каалганы сындырбай ачуу мүмкүн эмес экенин айтып берди. Куткаруучулардын ишинен соң көбүнесе аны алмаштырууга туура келет. Мында эч кимге атайын аспап менен каалга ачуу үйрөтүлбөйт, жумуштан кеткендер көп. Алар эртең үйлөрдү тоногон ууру болуп чыкпайт деп ким кепилдик бере алат.

Женская исправительная колония №2  - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж
Каалга алмаштыруу кымбат тургандыктан, ӨКМ кызматкерлери батирдин кожоюнунун макулдугу менен гана ачышат. Бир жолу мурдагы жолдошунун батирине кирүүгө аракет кылган аял бизди жардамга чакырыптыр.

"Балдар паспортун текшерет, ошол үйгө катталган. Эшикти ачууга киришкен маалда коңшу аял алардын жанынан өтүп калат. Аябай таңгалат, себеби алар бир аз мурда ажырашыптыр... Көрсө, аял паспортун дагы алмаштыра элек экен, мурдагы күйөөсү иш сапардагы убакта батирди "тазалап" кетейин деген көрүнөт, — дейт Пасечник.

Анын айтымында, куткаруучулар мындан да жагымсыз кырдаалдарга тушугат. Кээде өмүрүн тобокелге салууга да аргасыз.

"Балдардан көпчүлүк учурда жандыктын өлүгүн алып кетүүнү же жылуулук трассасынан үй-жайсыз кишинин жыттанып кеткен сөөгүн алып чыгууну өтүнүшөт. Куткаруучулардын же эмдөөсү, же атайын жабдыгы жок. Кандай оору жуктуруп аларын ким билет. Азырынча Кудай сактап келет", — дейт диспетчер.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Куткаруучулардын же эмдөөсү, же атайын жабдыгы жок. Кандай оору жуктуруп аларын ким билет. Азырынча Кудай сактап келет", — дейт Пасечник
Жаш жигиттин сөөгүн 20 чакырым жерге көтөрүп келдик... Куткаруучунун маеги - Sputnik Кыргызстан
"Куткаруучулардын же эмдөөсү, же атайын жабдыгы жок. Кандай оору жуктуруп аларын ким билет. Азырынча Кудай сактап келет", — дейт Пасечник

Куткаруучуларды чакыруунун саны ар кыл болот. Бир кезмет тыптынч өтсө, кээде дароо сегиз жерге барышат. Жайкысын кырсык көп болот, себеби шаардыктар көлмөлөрдө эс алууга көп чыгышат. Ичимдиктин айынан адам алын ашыра баалайт да, алыска сүзүп, анан кайтпай калат...

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматында иштеген Теңиз Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучу Турсунбеков: жарылган учактагы үч кишинин сөөгүн беш саат чогулттук
"Бир жолу көлгө чөгүп кеткен кишинин сөөгүн алып чыгууга бардык. Көл жээгинде бирөөлөр арак ичип жатышыптыр. Алардын досу сууга чөгөт. Биздин куткаруу ишибизге көз салып турушкан, анан эле отуруп алып кайра арак ичип киришти. Кээде адамдар ушунчалык таш боор болушат", — деп таңданат Александр.

…Баарлашып отуруп, таң агарып кетиптир. Куткаруучулар кийинки кезметтеги кесиптештерине ишти өткөрүп берүүгө камына башташты.

Тез жардам станциясынын врачтарынын оор ишинен репортажга да бир көз салсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0