07:47 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын окумуштуулары менен кыргыздардын тарыхы тууралуу кытай жазууларын биргеликте изилдөөнү талкуулады

Жээнбеков: Кыргызстан кытай жазууларындагы кыргыздардын тарыхын изилдегиси келет

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
172 0 0

Жазууларды биргеликте изилдөө боюнча алгачкы макулдашууларга 2018-жылы кол коюлган.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын окумуштуулары менен кыргыздардын тарыхы тууралуу кытай жазууларын биргеликте изилдөөнү талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Пекинге болгон жумушчу сапарынын алкагында Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын тарыхты изилдөө институтунун директорунун орун басары Тянь Бо жана Кытайдын байыркы тарыхты изилдөө институтунун чет элдик мамлекеттер менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ли Цзиньсю менен жолукту.

Жээнбеков ал былтыр июнь айында Кытайга мамлекеттик сапары менен келгенде "Манас" операсына күбө болгонун эске салды. Президент андан аябай таасир алганын жана кытай тарапка кыргыздардын маданиятына көңүл буруп жатканына ыраазычылык билдирди. Ал өз сөзүндө мамлекеттин, тарыхчылардын жана илимпоздордун эң ыйык милдети кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын кийинки муундарга өткөрүп берүү экенин белгиледи.

"Биз үчүн тарыхый архивдерди бардык тарабынан иликтөө жана кытай жазууларындагы биздин мамлекетке тиешелүү маалыматтарды изилдөө абдан маанилүү. Биздин көп кылымдардын берки тарыхыбызды чогуу иликтөө эки мамлекеттин байланыштарын мындан ары да чыңдайт", — деди Жээнбеков.

Тарыхчы окумуштуу Тянь Бо 2018-жылы Кытайдын тарыхчылары Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарына келгенде Жээнбеков менен жолукканын билдирди. Аны менен катар мамлекет башчылары да кытай жазууларындагы кыргыздардын тарыхын изилдөөгө дилгирлигин билдиргенин айтты.

Учурда эки багытта иш жүрүүдө. Алар — "кыргыз" деген сөздүн Европа мамлекеттеринин тарыхында кездешүүсүн изилдөө жана кытай жазууларындагы эскерүүлөрдү талдоо. Азыр материалдар изилденип, маалыматтар чогултулууда.

Кытай тарыхчылары Бишкекте кыргыз окумуштуулары менен бирге "Саймалуу таш" жана "Балбал таштагы" кыргыз жазууларын изилдеп, илимий конференция уюштурууга кызыкдар.

Тема боюнча

Президент Жээнбеков "Бир алкак — бир жол" форумунун ачылышына катышты
Белгилер:
тарых, Сооронбай Жээнбеков, Кытай, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ