Бишкектин эки көчөсү оңдоо үчүн августка чейин жабылат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчөлөргө жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар коюлат.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкекте дагы эки көчө оңдоо үчүн августка чейин жабыларын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

28-апрелде Токомбаев менен Каралаев көчөлөрүнүн ортосундагы Нуркамал көчөсүнүн үстүңкү катмары алмаштырылып, жаңы бордюрлар коюлат. Оңдоо иштери 1-августка чейин уланмакчы.

29-апрелде Репин көчөсүнүн Гагаринден Күйүкова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Оңдоо иштери 1-августка чейин уланып, жаңы асфальт төшөлөт.

Буга чейин борбор калаадагы эки көчө 10-майга чейин жабылганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0