00:31 27 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
№1 Шоола бала бакчасы. Архивдик сүрөт

Чуулуу бала бакчанын директоруна кандай чара көрүлгөнү айтылды

© Sputnik / Эламан Карымшаков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1731 0 0

Бир керебетте төрт-бештен бала узун-туурасынан, калганы полдо уктап жаткан видео социалдык тармакка тарап, элдин нааразычылыгын жараткан.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бир керебетке тыгылып уктап жаткан балдардын видеосу тартылган бала бакчанын директору Айнагүл Мадылбаевага сөгүш берилди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова билдирди.

Анын айтымында, учурда дагы да текшерүүлөр жүрүп жатат. Балдардын санын кыскартуунун жолдорун карап чыгууга мөөнөт берилди.

"№1 "Шоола" бала бакчасынын директору Айнагүл Мадылбаевага сөгүш берилди. Башка эч кимге чара көрүлгөн жок", — деди Мейрманова.

Бир керебетке тыгылып, айрымдары полдо уктап жаткан балдардын видеосу коомчулукта кызуу талкуу жаратып, өлкөдөгү бала бакчалардын тартыштыгын дагы бир ирет эске салды. Кийинчерээк ал күнү 34 керебетке 100дөн ашуун бала жаткырылганы белгилүү болду.

Ал эми бала бакчанын директору Айнагүл Мадылбаева мындай көрүнүш бир эле күн болгонун айтууда. Себеби ортончу тайпадагы балдардын бөлмөсүнүн полу сырдалгандыктан балдар кичи тайпадагыларга кошулганы белгиленген.

Директор бала бакчанын айланасын тазалаганы ишембиликке чыгып, тарбиячылардын минтип жаткырып койгонун көрбөй калганын кошумчалаган.

Бишкектеги №1 "Шоола" бала бакчасы 2008-жылы ачылган, учурда 320 бала тарбияланат. Жалпысынан алты тайпа бар, анын ар биринде 50дөн 70ке чейин бала бар.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын 2018-жылга карата берген маалыматы боюнча калаада муниципалдык 85 бала бакча бар. 14 миң орунга ылайыкташкан бакчаларда 25 миң бала тарбияланат.

Жеке менчик бала бакчалардын саны 215ке жетет. Анда тарбияланган балдардын саны 15 миң. Жеке менчик менен мамлекеттик бала бакчалардагы бөбөктөрдү кошуп эсептегенде жалпы 40 миң бала чыгат. Жалпысынан Бишкекте 6 жашка чейинки 88 миң бала бар, калган 48 миңи бала бакчага барбайт дегенди түшүндүрөт.

Тема боюнча

Жалал-Абадда балдарды урган тарбиячы соттолду. Ата-энелер өкүмгө нааразы
Керебетте 4-5тен, калганы полдо уктаган балдар кайсы бакчада экени белгилүү болду
Ызаланган ата-энелер. Соцтармакты чуу түшүргөн бала бакчанын көрүнүшү видеодо
Белгилер:
чара, бала бакча, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ