21:24 16 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Дарыгер. Архив

Дарысы эркектин бел суусуна таасир этет. Кызыл жүгүрүк дарты тууралуу маек

© AFP 2019 / OLI SCARFF
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
2063 0 0

Тутумдашкан кызыл жүгүрүк - толугу менен айыкпайт делген олуттуу илдет. Тышынан аллергиядай көрүнгөнү менен ички органдарды, ткандарды, нерв системасын жабыркатып, муунду сыздатып, бүтүндөй ден соолукту талкалап коюшу толук ыктымал.

Тутумдашкан кызыл жүгүрүк орус тилинде "системная красная волчанка" деп аталганы үчүн айрымдар муну бөрү жатышка алмаштырып алышат. Эки оору ар башка.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тутумдашкан кызыл жүгүрүк тууралуу кенен маалымат алуу үчүн Улуттук кардиология жана терапия борборунун Ревматология бөлүмүнүн ревматологу Элмира Каримова менен маек курду.

Ревматолог отделения ревматологии Национального центра кардиологии и терапии Элмира Каримова
© Фото / Жумагуль Жусупова
Улуттук кардиология жана терапия борборунун Ревматология бөлүмүнүн ревматологу Элмира Каримова

— Тутумдашкан кызыл жүгүрүк сыртынан караганда аллергиялык оорудай туюлат, бирок бул илдет ички органдарды дагы талкалап коерун жакында билдим. Оорунун келип чыгышы жана себептери тууралуу айтып берсеңиз?

— Тутумдашкан кызыл жүгүрүк — адамдын иммундук системасынын иштешинин бузулушунан келип чыккан өнөкөт оору. Башкача айтканда, организмдин клеткаларына белоктор (антителалар) иштелип чыгат дагы, ал өзүнүн эле соо клеткаларын талкалай баштайт. Бул өз кезегинде тутумдашкан (системалуу) сезгенүүгө жана организмдеги ар түрдүү органдардын жана ткандардын жабыркашына алып келет.

Тутумдашкан кызыл жүгүрүк — келип чыгышы так аныкталбаган олуттуу илдет. Бул оорунун пайда болушуна себепкер бир нече факторлорду санап жүрүшөт. Ага инфекция, стресс жана гормоналдык өзгөрүүлөр кирет.

Бир үй-бүлөдө бир нече адамдын тутумдашкан кызыл жүгүрүк менен ооруп калган учуру болот. Бирок оору тукум куубайт. Себеби бул адамдын организминин өзгөрүшүнө байланышкан дарт.

Аталган илдеттин себеби жана дарылоо жолу тууралуу кенен билүү үчүн бөлүм башчыбыз менен изилдөөлөрдү жүргүзүп келебиз. Бейтаптарга арнап кыргыз тилинде китеп дагы чыгарганбыз.

— Оорунун белгилери тууралуу кененирээк маалымат алсак...

— Тутумдашкан кызыл жүгүрүккө кабылган кээ бир адамдардын буту-колу ооруса, экинчисинин өпкө-жүрөгү, бөйрөгү бүк түшүрүшү мүмкүн. Эгер жалпы белгилерине токтолсом, адам алсырайт, дене табы көтөрүлөт, муундары ооруп, шишийт, териге бөртмөлөр (сыпь — ред.) чыгып, арыктайт. Анан кызыл түстөгү эритемелер мурундун үстүнө, жаактарга жана ээкке чыгып, ал "канаты жазылган көпөлөктү" элестетет. Мындай кызыл эритмелер колдордо, ийиндерде, манжаларда, көкүрөктүн, арканын терисинде, сан жана балтырларда болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, чач түшөт, тери күн нурунан сезгенет, кан азайып, нерв системасы жабыркайт, ооз жана мурун көңдөйүндө жара пайда болуп, ички органдар ооруйт. Жогоруда саналган белгилердин жарымы эле болсо тутумдашкан кызыл жүгүрүккө кабылды дейбиз. Ошондой эле сөзсүз түрдө иммунологиялык анализден өткөрөбүз. Ага жараша ооруну курч, орточо, өнөкөт деп бөлөбүз. Илдетке 15 жаштан 45 жашка чейинки аялдар көбүрөөк кабылат. Эркектер чанда ооруйт.

Ревматолог отделения ревматологии Национального центра кардиологии и терапии Элмира Каримова
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Ревмотолог Элмира Каримова: Тутумдашкан кызыл жүгүрүк оорусунда организмдин клеткаларына белоктор (антителалар) иштелип чыгат дагы, ал өзүнүн эле соо клеткаларын талкалай баштайт.

— Илдетти айыктыруу жолу тууралуу кеп кылсаңыз. Дарынын жардамы менен жакшы болууга мүмкүнбү?

— Тутумдашкан кызыл жүгүрүккө кабылгандардын көбү гормоналдык дарыларды ичет. Булар ооруну басаңдатканга жардам берген каражаттар. Баса белгилей кете турчу нерсе, гормоналдык дарыларды мөөнөтүнөн мурда токтотуп койгонго болбойт. Ичпей калдым дегичекти ден соолук начарлап, оору өтүшүп кетет. Бейтаптар айлап, жылдап ичкен дарысын акырындык менен токтотот. Ошондой эле иммундук системага байланышкан бир катар дары-дармектер бар. Эгер муундар жабыркап, сөөктөргө протез коюуга туура келсе, хирургдар операция жасайт.

Айрымдары бетине кызыл бөртмө чыкса дерматологго, буту шишисе бөйрөгүм ооруп жатат деп нефрологго кайрылып жүрө беришет. Ал жактагы адистер бизди чакырып эмне илдет экендигин чогуу тактайбыз. Тутумдашкан кызыл жүгүрүк болсо бизге — ревмотологдорго өткөрүп беришет.

Бул ооруну түп-тамыры менен жоюу мүмкүн эмес. Өнөкөт болгондуктан бир учурда "уктап калат", бул нерсе медицинада дарттын жакшы болушу же ремиссия делет.

— Кыргызстанда болжолдуу түрдө аталган илдет менен канча адам жабыркайт?

— Жалпы саны 500дөн ашат. Тутумдашкан кызыл жүгүрүккө кабылгандар инфекция, туберкулез, онкология, пульмонология, психотерапия боюнча ооруканаларда жүргөндүктөн так маалымат жок. Көрүнбөй жүргөндөр канча. Бул оору акыркы жылдары жашарууда. Өлкөдө иммундук анализ тапшыруу жолго салынгандыктан илдетти аныктоо жеңилдеп баратат.

— Бейтаптар оорусун "ээн баштыктын" айынан өтүштүрүп жиберет деп кейиген учур сизде да кездешсе керек? Иш учурундагы айрым кейиштүү окуяларга токтоло кетсеңиз.

— Оорулуулар айтканды укса кандай жакшы. Ооруканадан жакшынакай чыгып, кийин дарыларын таштап салганда гемодиализге кабылып калгандар болот. Ар кимдин тилине кирип инструкциясы жок дарыларды, биологиялык кошулмаларды ичкендер бар. Анан дагы ооруга каршы кымыз ичип, денесин аарыга чактыргандар тууралуу укканда ачуум келген. Өздөрү тымпыйып унчукпайт, туугандары айтып беришет.

Оор абалда келгендер да болду. Бир бейтабымдын кан системасы бузулган. Башкача айтканда, тромбоциттердин саны азайганда кан акма болуп калат. Адамдын кулагынан, мурдунан ага берет. Кан тамырына ийне сайгандан коркуп турчумун. Азыр жакшы болуп калды.

Эки жыл мурда бир кыз менин колумда дарыланып жүргөн. Айылга барса ата-энеси молдого алып барып, дары чөп ичиришет. 2-3 жумадан кийин кыз акылынан айнып, сүйлөгөн-турганы өзгөрөт. Кайра бизге алып келип жаткырышты. Бир ирет кирсек, жанындагыларды "сен кир, сен чык" деп башкарып, диний сөздөрдү сүйлөп жатыптыр. Эжеси "айнектен секирем" деп коркутуп жатканын айтып даттанды. Палатадагы оорулууларды коопсуздук үчүн башка жакка которуп салдык. Психотерапевттер келип бейтаптын оорудан нерв системасы жабыркап, психоз болгонун айтып, өздөрүнүн ооруканасына алып кетишкен. Ал жактан көзүнө кемпир көрүнүп, кучактаганын айтып берди. Кийин ден соолугу калыбына келгенде ушунун бардыгын айтсак, "билбейм, эсимде жок" деп күлдү. Эми эч качан айтканыңарды эки кылбайм деп дарыларын калтырбай ичип жүрөт.

Ревматолог отделения ревматологии Национального центра кардиологии и терапии Элмира Каримова
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Элмира Каримова: бул ооруну түп-тамыры менен жоюу мүмкүн эмес. Өнөкөт болгондуктан бир учурда "уктап калат", бул нерсе медицинада дарттын жакшы болушу же ремиссия делет.

— Бул дарт үй-бүлө куруп, балалуу болууда терс таасирин тийгизеби?

— Тутумдашкан кызыл жүгүрүккө каршы дарыларды ичүү менен балалуу болуу кооптуу. Наристе тубаса илдет менен төрөлүп калышы ыктымал. Турмушка чыккандарга сактанып турууну сунуштайбыз. Жогоруда белгилегендей, дарыны токтотуп коюуга мүмкүн эмес. Акыркы жылдары аталган илдет менен балалуу болгондор көп болду. Алар ар бир үч ай сайын келип турушчу. Балага зыяны тийбеген препараттарды берип гинекологдордун жардамы менен төрөттүк. Дарынын таасири эркектердин бел суусуна да таасир эткендиктен, кеңешип бүлө кургула дейбиз.

— Тутумдашкан кызыл жүгүрүк оорусу менен кыргыз медицинасы тийиштүү деңгээлде күрөшө алабы?

— Биздин бейтаптар кымбат баалуу дарыларды сатып алууга мажбур, мамлекет толук каржылай албайт. Мисалга Казакстан менен Россияда тутумдашкан кызыл жүгүрүккө каршы биологиялык кошулмалар бекер берилет экен. Ошондуктан оорулуулар гормоналдык дарыларды азыраак ичишет. Гормоналдык дары бардыгына эле жага бербейт. Андай дарыны ичкенде таттуу, майлуу, камыр тамактарды жебей, диета кармаш керек. Көбү үйгө барганда эрежени сактабайт да кант диабетине кабылышат. Кыргызстанда биологиялык кошулмалар кымбат турат.

— Бул ооруну айыктарам деп чет мамлекеттен үмүт арткандар болбой койбосо керек?

— Биз койгон диагнозго ишенбей коюштубу, же шыпаа болорубузга көздөрү жетпедиби, айтор, эки аял Германияга барып келди. Ал жактан профессорлор "диагноз туптуура коюлган, дарыгерлер жазып берген дарыны улантып иче бергиле" деп жолго салышыптыр. Биздин адистердин тутумдашкан кызыл жүгүрүк менен күрөшүүгө толук мүмкүнчүлүгү жетет. Бирок бул жааттагы ревматологдор аз. Бишкек менен Ош шаарында гана саналуу адистер бар. Региондон келгендер "ревматолог эмне иш кылат?" деп сурашат. Биздин ишмердүүлүктү билбегендер адистин жок экендигин айгинелейт.

Тема боюнча

Дарыгерлер айта албаган нерсе ачыкталды! Мурдагы медиктин ызалуу маеги
Түркияда операцияны кантип бекер жасатууга болот? Квотанын шарт-талабы
Белгилер:
маек, дарылоо, оору, медицина, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ