Элди эмнеге Кытай автобустары ташышы керек. Мэриянын түшүндүрмөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековНовые автобусы в Бишкеке, работающие на газе
Новые автобусы в Бишкеке, работающие на газе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайлык компания чыгарган автобустар Алматы, Монголия, Гавана, Бангкок шаарларында пайдаланылары айтылды.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкекке Кытайдан алып келинген автобустар боюнча айрым комментарийлерге жооп берип, шаар мэриясы түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, 24-апрель күнү борбор калаага Кытай өндүрүшүнөн чыккан 60 автобус алып келинген. Жаңы унаалар бир жуманын ичинде линияга чыга турганы айтылган. Автобустарды президент Сооронбай Жээнбеков да көрүп, бирине түшкөн

Мэриянын маалыматы боюнча газ менен жүргөн автобустар тендер аркылуу тандалып алынган. Мыйзамга ылайык, тендердин шартында кайсы бир өлкөнүн катышуусуна тыюу салган шарт жок.

"Жалпы жонунан тендерге сегиз компания катышкан. Түрк компаниясы 156 миң евро көрсөтсө, европалык ишканалар 200 миң доллар, ал эми россиялык компания 108 миң долларга баалаган. Натыйжада Кытайдын 301 миллион 273 миң 700 сом сунуштаган Znengzhou yutongbus CO, LTD корпорациясы жеңип алган", — деп айтылат билдирүүдө.

Завод по переработке отходов в Подмосковье  - Sputnik Кыргызстан
Мэрия таштанды сорттогон завод куруу үчүн тендер жарыялады
Муниципалитет аталган компания жылына 77 миң автобус чыгара турганын, 100 миң чакырымга кепилдик берерин белгиледи. Ал эми Бишкектеги автобустар жылына 60 миң чакырым жүрөт.

Маалыматта кытайлык компания чыгарган автобустар Алматы, Монголия, Гавана, Бангкок шаарларында пайдаланылары, метан газы менен жүргөн унаалар капчыкка да, экологияга да бир топ пайдалуу экени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0