"Тазалыктын" кызматкерлери митингге карабай аянтты жуушту. Видео

© Sputnik / Максат ЭлебесовМитинг против добычи урана в Бишкеке
Митинг против добычи урана в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук "Ала-Тоо" аянтында уранды иштетүүгө каршы митинг болуп жатат.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери уранга каршы митингге чогулгандарга карабай "Ала-Тоо" аянтын жууду.

Окуяныны видеосу Facebook тармагына жарыяланды. "Тазалыкчылар" акциядан улам баштаган ишин бир аздан кийин токтотууга аргасыз болушту.

Учурда уран кенинин иштетилишине каршы чыккандар борбордук аянтка чогулуп, нааразычылыктарын билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол аймагындагы Таш-Булактагы уран кенин иштетүү боюнча өкмөттүн аракетине жергиликтүү тургундар каршы чыгышкан. Аталган кенде чалгындоо жүргүзүүгө UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы лицензия алган. Жарандардын каршылыгынан улам өкмөт кенди изилдөө жана чалгындоо иштери убактылуу токтотулганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0