Өкмөт Улуу Жеңиш күнүндө өткөрчү иш-чараларын тизмектеди

Жазылуу
Быйыл Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленет.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргыз өкмөтүнүн аппаратында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгын өткөрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жеңиш майрамына карата өтчү иш-чараны уюштуруу жана ага даярдык көрүү милдеттери тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго жүктөлгөн.

Жеңиш күнүн белгилөөнүн урматына төмөндөгүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:

  • 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине бир жолку кошумча жөлөк пул төлөнөт;
  • Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында митинг-реквием, майрамдык концерт өткөрүлүп, советтик мезгилдеги аскердик техника көргөзмөсү уюштурулат;
  • Борбор калаада жана аймактарда Жеңиш күнүнө арналган көргөзмөлөр, салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт;
  • Негизги масштабдуу иш-чара — "Өлбөс полк" акциясы.

Мындан тышкары, жогорку окуу жайлар менен мектептерде тегерек столдор уюштурулуп, лекциялар окулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0