Министр Жунушалиев: 8-12 миң сом айлыгыбыз жеткен үчүн жашап жатабыз да

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПрисяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым
Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчөлөнгөн милиционерлерге грамоталардан тышкары акчалай сыйлык берсе, кызматкерлерге стимул болмоктугу айтылды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев парламенттин жыйынында бүгүнкү күнү ИИМдин сержанттарынын айлыгы канча сомду түзөрүн жана ал ал акча кызматкердин үй-бүлөсүн багууга жетеби деп суроо салды.

Өз кезегинде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев учурда алардын айлыгы 8-12 миң сомду түзөрүн айтып, ошого эле жашап жатканын билдирди.

"Жеткендиктен жашап жатабыз да", — деп жооп кайтарды Жунушалиев.

Эл өкүлү министрге кайрылып, кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнүн жолдорун караштырса, депутаттар деле колдоп берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Самаев ошондой эле кызматында өзгөчөлөнгөн милиционерлерге грамоталардан тышкары акчалай сыйлык берсе, кызматкерлерге стимул болмоктугун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0