Өкмөт: жыл аягына чейин миңдеген бөбөк бала бакчага жайгаштырылат

Жазылуу
Депутат Улукбек Ормонов Бишкек шаарына социалдык объект салып берем деген инвесторду эч ким кабыл албай жатканын айтты.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарына кеминде 100дөн ашык жаңы бала бакча керек экенин Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Кечээтен бери премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2018-жылы жасаган иши боюнча отчет берип жатат.

Депутат Улукбек Ормонов Бишкек шаарына канча жаңы мектеп жана бала бакча керектигин сурады.

Өмүрбекованын айтымында, учурда борбор калаада 97 мектеп жана 193 бала бакча бар.

"Бул да жетишсиз. Бишкекке аз дегенде 100дөн ашык жаңы бала бакча керек. Азыр ушул маселени чечүү боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Мына, 1-июндан тарта мамлекеттик социалдык заказ мыйзамы иштей баштайт. Буюрса миңдеген бөбөктү бала бакчаларга жайгаштырабыз", — деди ал.

Комплекс-лицей № 1 имени Чингиза Айтматова в Новопокровке - Sputnik Кыргызстан
Новопавловка мектебинин чуусу: кээ бир ата-энелер акча жыйноону колдоп чыкты
Өз кезегинде депутат Ормонов акчасы бар бир инвестор бир айдан бери социалдык объект салып берем деп жүргөнүн, аны эч бир тийиштүү жетекчилер кабыл албай жатканын айтты.

Премьер Абылгазиев бул маселе боюнча эл өкүлү менен да сүйлөшкөнүн, "буюрса жардам берем деген инвесторду тийиштүү жетекчилер кабыл алат" деп ишендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0