Мыкты ураан ойлоп тапкан кыз 5000 долларын эмнеге жумшайт? Жеңүүчү менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековСтудентка КНУ Ажар Сатыбалдиева
Студентка КНУ Ажар Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан тууралуу мыкты ураандын автору социалдык тармактагы өз дарегине айтылган катуу сындарды кандай кабылдады? 5000 доллар байгесин ал кайда жумшайт? Булар туурасында Ажар Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстандын окурмандарына өзү айтып берди.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөнүн мыкты ураанына сынак жарыялаган. Кыргызстанды кызыктуу түшүндүрүп, толук ачып бере алчу ураандын авторуна беш миң доллар берилмек. 6,5 миң ураандын арасынан Ажар Сатыбалдиева ойлоп тапкан "Кыргызстан бесконечно уникален!" ("Өзгөчөлүгүнө чек жок Кыргызстан") же Kyrgyzstan Infinitely Unique! урааны мыкты деп табылган. Ал бийкечти заматта миңдеген эл таанып, бирине ал ойлоп тапкан ураан жакса, кай бири дегеле жактырбады.

Айта кетчү жагдай, ураандын кыргызча туура жана так которулушу жок.

— Сынакка кандайча катышып калдыңыз?

Ошский баскетбольный клуб Номад - Sputnik Кыргызстан
Баскетболчу Алымкулов: кинодогудай эле жеңүүчү болдук
— Конкурс тууралуу бир ай мурун гана уктум. Адегенде катышуу ниетим деле жок болчу, ал убакта тапшырыктардын саны миңдеп саналып калыптыр. Мен мыкты бир ураан сунуштай алмак белем деп койгом. Анан эле кечке маал ушул ураан оюмду ээлеп туруп алды. Англисче Kyrgyzstan Infinitely Unique деп айтылат. Катышууну эп көрдүм, меники 3060-ураан болуп катталган. Катышып жатканымды да эч кимге айткан эмесмин.

Бир нече күн мурун телефон чалып, мен сунуштаган ураан мыкты деп саналган кыска тизмеде бар экенин айтып, сыйлоо аземине чакырышты. Ачыгын айтсам, күтүүсүз болду. Акырына дейре кабарым жок эле. Сахнага чакырып, жеңгенимди жарыялашты.

Сезимдеримди айтууга сөз таба албайм. 6,5 миң варианттын ичинен калыстар дал меникин тандаптыр. Андан кийин апама телефон чалып, сүйүнчүлөдүм. Апам менин жеңишиме жетине албай алкап, ар дайым мага ишенгенин айтты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАжар Сатыбалдиева: Быйыл Жусуп Баласагын атындагы КУУну аяктайм, юрист адистигин алып чыгам. Төрт жыл мурун эл аралык мамилелер факультетине тапшыргам. Бирок кийин юриспруденция жаатында иштегим келгенин түшүндүм да которулуп кеттим. Түк өкүнбөйм. Чет тилдерин үйрөнөм, китеп окууну сүйөм.
Мыкты ураан ойлоп тапкан кыз 5000 долларын эмнеге жумшайт? Жеңүүчү менен маек - Sputnik Кыргызстан
Ажар Сатыбалдиева: Быйыл Жусуп Баласагын атындагы КУУну аяктайм, юрист адистигин алып чыгам. Төрт жыл мурун эл аралык мамилелер факультетине тапшыргам. Бирок кийин юриспруденция жаатында иштегим келгенин түшүндүм да которулуп кеттим. Түк өкүнбөйм. Чет тилдерин үйрөнөм, китеп окууну сүйөм.

— Байгени эмнеге короторуңузду чечтиңизби?

— Албетте, сыйлыкты кечээ эле тапшырышкан. Өз билимиме сарптамакчымын, менимче, эң туура чечим. Сүйүктүү кесибим боюнча жаңы билим, жаңы тажрыйба келечекте мыкты жетишкендиктерге жол ачарына ишенем. Билген чет тилдеримди дагы жакшыртып, чет өлкөгө чыккым келет.

— Ажар, өзүңүз тууралуу да айтып берсеңиз, кайда окуйсуз, эмнелерге кызыгасыз?

— Быйыл Жусуп Баласагын атындагы КУУну аяктайм, юрист адистигин алып чыгам. Төрт жыл мурун эл аралык мамилелер факультетине тапшыргам. Бирок кийин юриспруденция жаатында иштегим келгенин түшүндүм да которулуп кеттим. Түк өкүнбөйм. Чет тилдерин үйрөнөм, китеп окууну сүйөм.

— Сынактан жаш студент жеңип чыкканы кабарланганда социалдык медиада "уюштуруучулардын биринин тууганы көрүнөт" деген өңдүү сөздөр жазылды. Үй-бүлөңүз тууралуу билсек...

— Эң мыкты үй-бүлөдөнмүн, эң жакын эки адамым: апам менен иним бар. Алар менин өсүп-өнүгүүмө дайым көмөкчү. Апам бир топ жыл Республикалык диагностикалык борбордо эмгектенген. Былтыр турмушун өзгөртүп, жашоосундагы эң олуттуу чечимди кабыл алып, иштен чыгып Россияга бет алган. Москвадагы бир дүкөнгө кассир болуп орношкон. Апам келечектен үмүтү чоң. Баары оюндагыдай болоруна ишенем. Жакында Кыргызстанга келет, чынын айтсам, аябай сагындым апамды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАжар Сатыбалдиева: Аябай жаалданган пикирлерди да көрдүм, аларга жооп кайтарып, жүрөгүмө жакын албайм. Ар кимдин өз пикири бар. Эгер кимдир бирөөгө ураан жакпай жатса, мыктысын ойлоп тапсын.
Мыкты ураан ойлоп тапкан кыз 5000 долларын эмнеге жумшайт? Жеңүүчү менен маек - Sputnik Кыргызстан
Ажар Сатыбалдиева: Аябай жаалданган пикирлерди да көрдүм, аларга жооп кайтарып, жүрөгүмө жакын албайм. Ар кимдин өз пикири бар. Эгер кимдир бирөөгө ураан жакпай жатса, мыктысын ойлоп тапсын.

— Социалдык медиада урааныңыз боюнча терс пикирлер да жок эмес, аларды окуган чыгарсыз. Жооп берет белеңиз аларга?

Жаратылыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Forbes Кыргызстанды сейилдөөгө ыңгайлуу 3 мыкты аймактын катарына киргизди
— Андай кептерге берер жообум да жок. Аябай жаалданган пикирлерди да көрдүм, аларга жооп кайтарып, жүрөгүмө жакын албайм. Ар кимдин өз пикири бар. Эгер кимдир бирөөгө ураан жакпай жатса, мыктысын ойлоп тапсын. Эгер дал менин жеңишим бирөөлөрдүн кыжырын кайнатса, анда бул өтө жеке, калыстыктан тайган пикир.

Мен болгону мындай мекенчилдикти козгогон сынакка катышып калганыма кубанам. Анан, албетте, бир кечте оюма келген бир ураан келечекте Кыргызстанды тааныта турганына сыймыктанбай кое албайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0