Айдоочулардын эсине! Кулатов көчөсүнүн бир бөлүгү 1-июлга чейин жабылды

Жазылуу
Мэрия айдоочуларды альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Жылуулук тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу Кулатов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылганын мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кулатов көчөсүнүн Эгембердиевден Панфиловго чейинки бөлүгүнө 24-апрелден тарта чектөө киргизилди.

"Жол "Бишкекжылуулук" тармагындагы оңдоо иштерине байланыштуу жабылууда. Ремонт 1-июлга чейин созулат", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия айдоочуларды альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0