БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандын башкы желеги жайгашкан Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы флагшток оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, жыл сайын болуучу оңдоо иштери бүгүн саат 19.00дө башталып, бир нече саатка созулат.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы бул учурда желекти чечип алып турарын маалымдады. Ишке ӨКМдин өрт өчүрүүчү техникасы да тартылмакчы.