Оштогу стадиондун ыңгайсыз отургучтары боюнча мэрия түшүндүрмө берди

© Фото / Азамат АбсаттаровРеконструкция центрального стадиона имени А. Суйунбаева города Ош
Реконструкция центрального стадиона имени А. Суйунбаева города Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда Ош шаарындагы стадиондун отургучтарынын жерге өтө эле жакын орнотулуп калгандыгы талкууга түштү.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондун отургучтарынын жерге жакын жайгашканы боюнча калаа мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров түшүндүрмө берди.

Кечээ күндөн бери интернетте Оштогу стадиондун алдыңкы орундуктарынын жерге өтө эле жакын орнотулуп калгандыгы талкууланууда.

Абсаттаровдун айтымында, стадионду оңдоп-түзөө иши маданий жана спорттук иш-чараларга карап бир ай ичинде бүткөрүлүп, 15-апрелде иштей баштаган. Алдыңкы отургучтар тротуарды түздөгөндөн кийин ыңгайсыз абалга келип калган.

"Стадиондун бардык отургучтары эмес, алдыңкы 30 орундук ыңгайсыз болуп бүтүп калды. Ачыгын айтканда, оңдоп-түзөөгө бир ай гана убакыт жумшалды. Бул бир гана ТҮРКСОЙ иш-чарасына эмес, ага чейинки спорттук мелдештерге дагы байланыштуу. Стадиондо оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, отургучтарды орноткондон кийин тротуардын башы менен аяккы бөлүгү бирдей болушу үчүн түздөп чыгыш керек болду. Жерлер оюлуп кеткен эле. Тротуарды тегиздеп чыкканда отургучтар жерге жакын болуп калды", — деди Абсаттаров.

Ал кошумчалагандай, учурда жерге жакын отургучтар алынды, эми аларды башка жакка орнотуу же болбосо асфальтын оюп, түздөө боюнча пландар бар. Буга кошумча каражат кетпей турганын айтышууда.

Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадион 1960-жылы курулуп, 12 миң адамга ылайыкташкан. Акыркы ирет 2000-жылы реконструкцияланган.

Мурдагы жана азыркы стадиондун абалын салыштырган сүрөттөрдү Азамат Абсаттаров Facebook баракчасына жүктөгөн.

Ал белгилегендей, учурда стадион евростандарт менен баштан-аяк оңдолуп жатат. 3000 отургучу жаңыланып, жерлери асфальтталып, коомдук ажаткана салынды. Ошондой эле легионер спортчулардын жатаканасы ремонттолуп, стадиондун тепкичтери оңдолду. Реконструкциялоо иши аягына чыга элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0