19:14 16 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
Уйкусу келген жигит. Архивдик сүрөт

Президент сүйлөп жатканда уктаган аткаминерлерди кызматтан алуу сунушталды

© Sputnik / Александр Уткин
Коом
Кыскача шилтеме алуу
329910

Эл өкүлү эгер премьер чара көрбөсө, депутаттар конституциялык укугунан пайдалана турганын айтты.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков сүйлөп жатканда уктап отурган аткаминерлерди кызматтан алуу керектигин айтты.

Ушу тапта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте өкмөттүн 2018-жылы аткарган иши боюнча отчет берип жатат.

Белгилей кетсек, 22-апрелде Ош шаарында Жээнбековдун катышуусунда "Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү" аттуу телекоммуникациялык форум өткөн. Социалдык тармактарда президент сүйлөп жатканда айрым жетекчилердин уктап жаткандай таасир калтырган видеосу тараган

"Эки губернотор уктап жатат, аларды тезинен кызматтан алуу керек. Калгандарынын тагдырын май айынын ичинде чечиңиз. Эгер чара көрбөсөңүз, биз конституциядагы укугубузду колдонуп сизге чечип беребиз", — деди Сулайманов.

Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев интернетке тараган видеолорду көргөнүн жана ал боюнча чара көрүп, керектүү жыйынтык чыгарарына ишендирди.

Тема боюнча

Абылгазиев айланасындагы таза эмес адамдардан арылмай болду
Жээнбеков cүйлөп жатса аткаминерлер уктап калганбы? Видео
Белгилер:
уйку, жаза, Алтынбек Сулайманов, Мухаммедкалый Абылгазиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ