Новопавловка мектебинин чуусу: кээ бир ата-энелер акча жыйноону колдоп чыкты

© Фото / Чынара АпиеваКомплекс-лицей № 1 имени Чингиза Айтматова в Новопокровке
Комплекс-лицей № 1 имени Чингиза Айтматова в Новопокровке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-энелердин экинчи тарабы айына 500-700 сомдон чогултууга макул экенин айтып, ал лицейде коррупция жок дешүүдө.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Чүйдүн Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин окуучуларынын ата-энелеринин айрымдары акча жыйноого макул экенин айтып, маалымат жыйын өткөрүштү.

Алар чогултулган каражат максаттуу пайдаланыларын, нааразы болуп жаткан ата-энелердин негизги максаты - директорду кызматтан кетирүү экенин белгилешти.

Жыйында сүйлөгөн Софья Мамбетова директор кыргыз улутунан болбогону үчүн экинчи тараптагы ата-энелер улуттар аралык ынтымакты бузуп, бөлүп жатат деп УКМКга арызданышканын билдирди.

"Бул жерде улуттар аралык маселе козголуп жатат деп Улуттук коопсуздук комитетинин Чүй облустук бөлүмүнө кайрылдык. Бирок ар кандай жүйөлөргө шылтап каралбай жатат", — деди Мамбетова.

Дагы бир эне Роза Арпачиева 500-700 сомдон акча чогултууга макул экенин айтып, ал лицейде коррупция жок деген пикирин билдирди.

Комплекс-лицей № 1 имени Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Ата-энелерден 28,5 млн. сом чогулткан мектептин директору иштен четтетилди
"Мектепке 46 камера орнотулган, окуучулардын кирип-чыкканын көзөмөлдөгөн турникет бар. Балдардын коопсуздугу аябай сакталат. Фонд чогулткан акчаны жеп-ичип алды дебестен мектеп кандай болуп өзгөрүп жатканын карашыбыз керек. Мен балдарымды 14 жылдан бери ушул жерден окутам. Мектептин иштери алдыга жылып жатканын көрүп турам, коррупция жок экенин да ачык айта алам", — деди Арпачиева.

Ал эми Ирина Митрошина ата-энелердин чогулушу болгондо сарпталган акчалар тууралуу маалымат алып турарын белгиледи.

"Мектепте өсүп-өнүгүүлөр болууда. Биздин акчанын эсебинен кошумча сабактар, ийримдер, спорттук секциялар өтөт. Түрдүү сынактарга, олимпиадаларга катышып жеңип келишет. Акча төлөй албаган көп балалуу, майып, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары ушунун эсебинен окуп, тамак ичет. Биздин колубузда болгон үчүн аларга жардам кылабыз", — деди Митрошина.

Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Китеп басуудагы чуу. Прокуратура министрликтин кемчиликтерин таап, иш козгоду
Нуржамал Алиева аттуу эне директорлук орун бирөөгө керек болуп жатканын айтып, бирок анын ким экенин ачык айта алган жок.

Эскерте кетсек, ата-энелердин айрым тобу лицейде ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултуларына жана каражаттын сарпталышы боюнча так маалыматты ала албаганына нааразы болуп келишет. Бүгүн, 24-апрелде, ал ата-энелер мектеп фондусуна деп чогултулган акчанын кайда сарпталып жатканын билүү жана мектеп директорун кызматтан кетирүү талабы менен митингге да чыгышты. Аталган лицейди прокуратура да текшере баштады, ал эми директор Диляра Абдуллаева убактылуу иштен четтетилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0