Кызынын операциясына акча чогулткан эне: Сабинамдын башын төрт ирет ачышты

© Sputnik / Табылды КадырбековНуждающаяся в операции дочери Нурила Курманбекова
Нуждающаяся в операции дочери Нурила Курманбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Чет өлкөдөн операция жасатат элем" деп акча издеген адамдардын саны барган сайын өсүүдө. Алардын катарында Бишкек шаарынын тургуну Нурила Курманбекова дагы бар.

Курманбекованын кызына мээсинде шишик бар деген диагноз коюп, кыргызстандык дарыгерлер төрт ирет операция жасашкан. Бирок жыйынтык болгон эмес, тескерисинче, абалы начарлап кеткен. Үмүт үзбөгөн ата-эне дартты Израилде айыктырат дегенди угуп, асман чапчыган операциясына акча таппай убара.

Жардам сураган эне Sputnik Кыргызстан агенттигинин кеңсесине баш багып, кызынын оорусу тууралуу айтып берди.

— Кызыңыздын дартын кантип билдиңиздер?

— Сабина 13 жашында талмасы кармап эле жатып калды. Ага чейин андайы деле жок болчу. Жаман нерсе деле ойго келген жок, бир нерсе жутуп алган го деп Тез жардам чакыртып ооруканага жаткырдык. Бирок бир жумага жетпей эле баягы талмасы бат-баттан кармай баштады. Эсин жоготуп, тырышып, тилин чайнап калчу. Дарыгерлер так диагнозун аныктай албай, акыры мээсинде шишик бар экенин айтышты. Себебин сурасак, шишик ар кандай жарааттан пайда болот экен. Бирок кызым башынан жараат деле алган эмес, мектепте жалаң "5" деген баага окуган, алдыңкы окуучулардын бири болчу. Аны ушундай дарт менен ооруп калат деп үч уктасам түшүмө кирбептир. 

© Фото / из семейного архива Нурили КурманбековойСабина Курманбекова солдон биринчи. Учурда ал 25 жашта. Дарты менен 12 жылдан бери алышып келет.
Кызынын операциясына акча чогулткан эне: Сабинамдын башын төрт ирет ачышты - Sputnik Кыргызстан
Сабина Курманбекова солдон биринчи. Учурда ал 25 жашта. Дарты менен 12 жылдан бери алышып келет.

— Операция болду беле?

Детское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Балдар онкологу Стамбеков: ракка кабылган балдардын көбүнүн ата-энеси мигрант
— Мээде шишик бар экенин аныкташкандан кийин, 2011-жылы, башын ачып операция жасашты. Андан кийин эки жылга чейин талмасы кармаган жок. Ушуну менен бүттү го деп жүрсөк, бир күнү кайра кармады. Айлам кетип элдик медицина, табыптарга да алып барып көрдүм. 2014-жылы биздин эле ак халатчандар кайра башын ачып операция жасашты. Бирок жыйынтык болгон жок. Айлабыз кетип чет өлкөгө аракет кыла баштадык. Түркияга барса болот дегенин угуп Саламаттык сактоо министрлигинин эшигин күндө каккылап жатып квота алдык. Бирок баргандан кийин ал жактын дарыгерлери 18 күн текшерип туруп, "операция жасай албайбыз" деп кайра жөнөтүп жиберишти. Кызым Кыргызстанга келгенде кайрадан неврология бөлүмүнө жатып калды. Жаңы жылдан кийин абалы начарлап, эки айдын ичинде эки жолу башын кайра ачышты. Бирок жыйынтык жок, тескерисинче, мурдагыдан начар.

— Азыр абалы кандай?

— Орто. Жанында дайыма бир адам болушу керек, тамакты өзү иче албайт, сыртка чыга албайт. Кечке эле жатат. Биздин дарыгерлер шишик мээнин гиппокамп деген бөлүгүнө да өтүп, аны алууга Кыргызстанда аппарат жок дешти. Кызыбызга операция жасаган Миталип Мамытов Израилде медицина өнүккөнүн айтып, ошол жакты сунуштады. Жакшылыктан үмүт кылып, барып көрөлү деп жатабыз. 

© Фото / из семейного архива Нурили КурманбековойСабинанын апасы Нурила: кызым кээде илдети жанына батып кеткенде "эмнеге окубайм, мен деле иштегим келет" деп ыйлап алат...
Кызынын операциясына акча чогулткан эне: Сабинамдын башын төрт ирет ачышты - Sputnik Кыргызстан
Сабинанын апасы Нурила: кызым кээде илдети жанына батып кеткенде "эмнеге окубайм, мен деле иштегим келет" деп ыйлап алат...

— Операция акысы кымбат болсо керек?

Руководитель общественного объединения Иссык-Кульской области Равенство Гульмира Казакунова - Sputnik Кыргызстан
Казакунова: кош бойлуу кезимде бутум баспай, наристемди көрбөй калдым...
— 30 миң доллардан 40 миң долларга чейин. Азыр эми бул акчаны кайдан табышты билбей, айла жок элге кайрылып көрүүнү чечтим. Буга чейинки операция, дарылануусуна өзүбүз эптеп тапчубуз. Биринчи ирет операция жасатаарда жолдошум да жүрөгүнөн операция болуп калды. Аргасыздан үйүбүздү арзан эле 8000 долларга сатканбыз. Ал акча күйөөмдүн операциясы, кызымдын дары-дармек, дарылануусунан ашкан жок.

Мурда почта кызматкери элем, кызыма карап ал жактан чыккам. Башка жумушта иштейин десем, кызымды караган киши жок. Жолдошум да II топтогу майып болуп калды, ага карабай батирдин, тамак-аштын акчасы чыгып калсын деп майда-чүйдө жумушта иштейт. Туугандар, балдарым деле жардам берип жатат. Бирок мындай чоң суммадагы каражатты табуу оңой эмес экен. Айла жок калкка кайрылып жардам суроого туура келди.

— Кыргызстандагы операцияларды канчага жасаттыңар эле?

— Алар акысыз эле болгон. Бирок дары-дармеги кымбат экен. Иштеген киши болбосо, ошо дарыга да кээде акча жок болуп калат. Эми жолдошума салган аппаратты да алмаштырыш керек деп жатат. Анысы эле 300 миңдин тегереги экен... 

© Sputnik / Табылды КадырбековНуждающаяся в операции дочери Нурила Курманбекова
Кызынын операциясына акча чогулткан эне: Сабинамдын башын төрт ирет ачышты - Sputnik Кыргызстан
Нуждающаяся в операции дочери Нурила Курманбекова

— Канча балаңыз бар?

— Алты балам бар. Ооруган кызым ортончусу. Улуу уулум үйлөнгөн, өзүнчө жашайт. Дагы бир кызым турмушка чыккан. Калгандары кичинекей.

— Сабина азыр канчада?

— 25ке чыкты. Дарт менен алышып келе жатканына 12 жыл болду. Кээде жанына батып кеткенде "эмнеге окубайм, мен деле иштегим келет" деп ыйлап алат...

Жаңылыктар түрмөгү
0