23:44 17 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6312
  • EUR78.0775
  • RUB1.1062
Жалал-Абад шаарындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунда Сауд Аравиянын кардиологдору бейтаптардын жүрөгүнө акысыз стент орнотту

Жалал-Абад: чет элдик кардиологдор бейтаптардын жүрөгүнө акысыз стент орнотту

© Sputnik / Зульфия Тургунова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
26810

Кардиолог Али Масуд илимий борбордун имаратын оңдоо үчүн эл аралык уюмдардан жардам сурап кайрыларын айткан.

ОШ, 24-апр. – Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунда Сауд Аравиянын кардиологдору бейтаптардын жүрөгүнө акысыз стент орнотту. Бул тууралуу аталган борбордун директору Калдарбек Абдраманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

  • Операция в отделении сердечно-сосудистой хирургия Джалал-Абадской области
    Жалал-Абад шаарындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунда Сауд Аравиянын кардиологдору бейтаптардын жүрөгүнө акысыз стент орнотту
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Операция в отделении сердечно-сосудистой хирургия Джалал-Абадской области
    Сауд Аравиядан келген кардиологдорго операция жасоодо жергиликтүү адистер да көмөктөшкөн
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Операция в отделении сердечно-сосудистой хирургия Джалал-Абадской области
    Быйыл чет өлкөлүк кардиологдор өлкөнүн түштүк аймагына борбордун жетекчилигинин атайын чакыруусу менен келишкен.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 3
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Жалал-Абад шаарындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунда Сауд Аравиянын кардиологдору бейтаптардын жүрөгүнө акысыз стент орнотту

Анын айтымында, Сауд Аравиядан келген кардиологдорго операция жасоодо жергиликтүү адистер да көмөктөшкөн.

Абдраманов аталган өлкөдөгү кесиптештери менен бир топ жылдардан бери кызматташып келе жаткандыгын кошумчалады.

Быйыл чет өлкөлүк кардиологдор өлкөнүн түштүк аймагына борбордун жетекчилигинин атайын чакыруусу менен келишкен.

"Жүрөк миокардасынын инфарктынан жабыркаган бейтаптарга ангиограф-рентгендик нурлардын жардамы менен иштөөчү медициналык аппарат аркылуу стент коюлду", — деди Абдраманов.

Хирургдар облус аймагындагы 60ка жакын бейтапка акысыз кызмат көрсөтүшкөн.

"Чет өлкөлүк кардиологдор тобун дарыгер Али Масуд жетектеп келди. Ал Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунун имаратын оңдоо үчүн эл аралык уюмдардан жардам сурап кайрыларын айтты", — деп билдирген Абдраманов.

Учурда чет элдик дарыгерлер Ош жана Баткен облустарында акысыз операция жасоону улантып жатышат.

Жалал-Абаддагы аталган илимий борбордо учурда 170тей дарыгер бейтаптарды тейлеп келет.

Тема боюнча

Ош: Кытай өкмөтү курган шаардык оорукана пайдаланууга берилди
Белгилер:
кардиолог, кан тамыр, жүрөк, Калдарбек Абдраманов, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ