Комада жаткан аял 27 жылдан кийин көзүн ачты

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял баласын автокырсык учурунда денеси менен тосуп, Омар жеңил жаракат алган.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Германияда комада 27 жыл жаткан аял эсине келгендигин Daily Mail басылмасы жазды.

Бириккен Араб Эмирлигинин жашоочусу Мунира Абдулла 1991-жылы автокырсыкка кабылып, башынан жаракат алган. Аль-Айн деп аталган шаарга жакын жерде жеңил унаа менен келе жатканда мектеп окуучуларын ташыган автобус сүзгөн.

Кырсыкка аял менен кошо уулу Омар Вебер да кабылган. Энеси баласын кырсык учурунда денеси менен тосуп, Омар жеңил жаракат алган.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
10 жыл комада жатып төрөгөн аял. АКШда оорукананын кызматкери кармалды
Мунираны алгач жергиликтүү ооруканага жаткырып, кийин диагноз коюу үчүн Лондонго которушкан. Дарыгерлер аялдын толук акыл-эсинде эмес экендигин, комага окшогон абалда калганын, бирок ооруну сезип турарын айтышкан. Кийинчерээк бейтапты кайра Бириккен Араб Эмирлигине алып келип, көп жыл түтүк менен тамактандырып, физиотерапия жасап турушкан.

2017-жылы бул үй-бүлөнүн кайгылуу окуясын мураскер ханзаада Абу-Даби Мохаммед бен Заид угуп, Германияда дарылата баштаган. Жылдар айланып, Мунира кыңкыстап үн чыгарып, бир нече күндөн кийин көзүн ачып, дароо эле уулунун ысымын айткан.

Басылма аял Абу-Дабиге кайтып, акырындап өзүнө келе баштагандыгын жазды. Эми ал иштебей калган булчуңдарын кайра калыбына келтирүү үчүн физиотерапия ала баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0