Кызын жанын кыюуга жеткирген. Россияда кыргызстандык аял баласы менен соттолду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСот залындагы айыпталуучу. Архив
Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
45 жаштагы аял 17 жаштагы кызы жоголуп кетти деп полицияга калп айтып койгон

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Москва облусунда апасы менен баласы кош бойлуу өспүрүм кызын өз жанын кыюуга жеткирген деп соттолду. Бул тууралуу Тергөө комитетинин аталган облус боюнча башкармалыгы билдирди.

Ал эми KolomnaNews басылмасы айыпталып жаткандар Кыргызстандын жарандары экенин буга чейин бир нече ирет жазган.

Тергөө комитетинин билдиришинче, 45 жаштагы аял 21 жаштагы баласы менен күнөөлүү деп табылды.

"Соттун өкүмү менен аял 7 жыл 10 айга жалпы колонияга кесилсе, баласы 7 жыл 10 айга катуу тартиптеги колонияга кесилди", — деп айтылат маалыматта.

Тергөө аныктагандай, 2017-жылы 7-ноябрда аял жана баласы 17 жаштагы кызынын жүрүм-туруму боюнча уруша кетишкен. Аларды кызды кенен сүйлөшөбүз деген шылтоо менен Москва дарыясынын

СИЗО Бутырка - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөнүн түрмөсүндө 2000дей кыргызстандык жатат. Тизме
Коломна аймагындагы жээгине, киши жок жерге алып барышкан. Ал жактан аял кызды аябай тилдеп, моралдык кордук көрсөткөн.

"Андан кийин аял дарыянын жээгинде ыйлап турган кызын таштап, анын кайтып келгиле деген суранычына карабай баласын ээрчитип алып кетип калган. Анын кесепетинен кыз жанын кыйган", — деп Тергөө комитетинин башкармалыгынын маалыматында айтылат.

KolomnaNews басылмасынын жазышынча, аял полицияга кызы дайынсыз жоголуп кетти деп калп айткан. Ал кызын тирүү болуп калышы ыктымал деген ой менен Коломнадагы ооруканага такай барып турган. Ошондой эле аймактагы өлүкканага да байма-бай каттаган. Аял жасаган иштерин кылмыш иликтөө тобунун өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө гана моюнга алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0