20:44 24 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Бишкектеги №6 кичирайондо Коопсуз кичирайон долбоору ишке киргенин мэрия билдирди

Бишкекте "Коопсуз кичирайон" долбоору ишке кирди. Сүрөттөр

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Коом
Кыскача шилтеме алуу
276 0 0

Ушу тапта аталган аймакта кылмыштын саны кескин азайганы байкалууда.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкектеги №6 кичирайондо "Коопсуз кичирайон" долбоору ишке киргенин мэрия билдирди.

  • На территории 6-го микрорайона в Бишкеке запущен проект Безопасный микрорайон
    Бишкектеги №6 кичирайондо "Коопсуз кичирайон" долбоору ишке киргенин мэрия билдирди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • На территории 6-го микрорайона в Бишкеке запущен проект Безопасный микрорайон
    Маалыматка ылайык, баштапкы этабында аталган аймактагы коомдук жана административдик объектилердин жанына, кичирайондун ичиндеги көчөлөрдүн кесилишине 72 видеокамера орнотулду
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • На территории 6-го микрорайона в Бишкеке запущен проект Безопасный микрорайон
    Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсү боюнча 2018-жылдын I кварталында аталган кичирайондо 109 кылмыш катталган.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкектеги №6 кичирайондо "Коопсуз кичирайон" долбоору ишке киргенин мэрия билдирди

Маалыматка ылайык, баштапкы этабында аталган аймактагы коомдук жана административдик объектилердин жанына, кичирайондун ичиндеги көчөлөрдүн кесилишине 72 видеокамера орнотулду.

"Долбоорго жергиликтүү бюджеттен 1,5 миллион сом бөлүнгөн. Долбоор көзөмөл пункту борборлоштурулуп, сервер милициянын №3 бөлүмүндө жана Октябрь РИИБинде орнотулду. Байкоо милиция кызматкерлери тарабынан күнү-түнү жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсү боюнча 2018-жылдын I кварталында аталган кичирайондо 109 кылмыш катталган. Ал эми долбоор ишке киргенден тартып 2019-жылдын I кварталында болгону 20 кылмыш болгону айтылды.

Тема боюнча

Исаев: Бишкектин камера коюлган көчөлөрүндө кырсык 50 пайызга азайды
Белгилер:
кылмыш, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ