Аксакалдар Эркиндик бульварында балдардын ойноосуна тыюу салууну сунушташты

© Sputnik / Жоомарт УраимовОбновления проспекта Эркиндик в Бишкеке
Обновления проспекта Эркиндик в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн дем алыш күндөрү вице-мэр Рыспек Сарпашов бульварга байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн аксакалдар менен жолугушту.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Аксакалдар Эркиндик бульварындагы балдар аянтчасын демонтаж кылуу маселесин көтөрүштү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Өткөн дем алыш күндөрү вице-мэр Рыспек Сарпашов бульварга байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн аксакалдар менен жолуккан.

"Аксакалдар Эркиндик бульварындагы балдар аянтчасын алып салуу сунушун беришти. Алардын айтымында, сүйүшкөн түгөйлөр балдарга жаман үлгү болуп жатат. Бульвар бишкектиктер эс алышы үчүн тынч болуп, балдар аянтын короолорго которуу сунушталды", — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан билдиришкендей, аксакалдардын мындай сунушу талкууга коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0