00:31 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.3471
  • RUB1.0986
 Жаш жубайлар Залкар Назарбек уулу менен Айжамал Замирбекова дүңгүрөтүп той берүүнүн ордуна Бишкек шаарындагы мамлекеттик цирктин маңдайына ак кайыңдын 30 көчөтүн отургузду.

Жаш жубайлар дүңгүрөтүп той берүүнүн ордуна бак тигишти

© Фото / Пресс служба Минкультуры КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
937 0 0

Алар жаңы отургузулган көчөттөр шаарга көрк берип, жашыл шаарга айланарын тилек кылышты.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жаш жубайлар Залкар Назарбек уулу менен Айжамал Замирбекова дүңгүрөтүп той берүүнүн ордуна Бишкек шаарындагы мамлекеттик цирктин маңдайына ак кайыңдын 30 көчөтүн отургузду. Андан сырткары, жетишпей жашаган үй-бүлөлөрдөн тандалган 30 балага кийим-кечек белек кылышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

"Болочоктогу жаш жубайлар кеңешип, коомдо болуп жаткан ашыкча той ысырапкорчулук экенин айткылары келген", — деп айтылат маалыматта.

Мындай иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков да катышып, өз каалоо-тилектерин айткан.

  • Молодожены Залкар и Айжамал посадили 30 берёз на одном из оживленных перекрёстков улиц. 22 апреля 2019 года
    Жаш жубайлар Залкар Назарбек уулу менен Айжамал Замирбекова дүңгүрөтүп той берүүнүн ордуна Бишкек шаарындагы мамлекеттик цирктин маңдайына ак кайыңдын 30 көчөтүн отургузду.
    © Фото / Пресс служба Минкультуры КР
  • Молодожены Залкар и Айжамал посадили 30 берёз на одном из оживленных перекрёстков улиц. 22 апреля 2019 года
    Андан сырткары, жетишпей жашаган үй-бүлөлөрдөн тандалган 30 балага кийим-кечек белек кылышты.
    © Фото / Пресс служба Минкультуры КР
1 / 2
© Фото / Пресс служба Минкультуры КР
Жаш жубайлар Залкар Назарбек уулу менен Айжамал Замирбекова дүңгүрөтүп той берүүнүн ордуна Бишкек шаарындагы мамлекеттик цирктин маңдайына ак кайыңдын 30 көчөтүн отургузду.

Алар жаңы отургузулган көчөттөр шаарга көрк берип, жашыл аймакка айланарын тилек кылышкан.

Назарбек уулу Залкар 28 жашта, келинчеги Айжамал Замирбекова 25 жашта. Экөө тең жогорку билимдүү.

Тема боюнча

Доллардан шуру тагынып... Өзбекстандык ырчынын тойдогу видеосу
Кыргызстандыктар кайсы өлкөнүн жарандары менен көбүрөөк баш кошот. Статистика
Дүңгүрөгөн тойлор! Салымбековдун уулунан Курсан Асановдун кызына чейин
Белгилер:
Маданият министрлиги, той

ЭҢ МААНИЛҮҮ