Шри-Ланкадагы жардыруу: жабыркагандардын ичинде КР жарандары жок

© AFP / ISHARA S. KODIKARAВзрывы в церквях и отелях в Коломбо. Шри-Ланка
Взрывы в церквях и отелях в Коломбо. Шри-Ланка  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-апрелде Шри-Ланкада сегиз ирет жардыруу болуп, акыркы маалыматтар боюнча 262 киши каза болгон. Алардын арасында чет элдик жарандар да бар.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Алдын ала маалымат боюнча Шри-Ланкадагы жардырууларда Кыргызстандын жарандары жабыркаган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Шри-Ланкада Кыргызстандын элчилиги жок. Учурда консулдук кызмат департаменти иштеп жатат. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Так маалыматты кийин беребиз", — деп маалымат кызматы кабарлады.

Жекшемби күнү Пасха майрамы белгиленип жатканда Коломбо, Негомбо жана Баттикалоа шаарларындагы чиркөөдө, үч мейманканада жардыруу болгон. Ал эми жетинчи жардыруу өлкөнүн батышында болсо, сегизинчи жардыруу Коломбо шаарынын чет жакасында орун алган. Дагы бир бомба Бандаранаика эл аралык аэропортунан анча алыс эмес жерден табылып, зыянсыздандырылган.

Кровь стынет в жилах — что было после взрыва в церкви Шри-Ланки. Видео - Sputnik Кыргызстан
Эс-учун жоготкон, канжалаган адамдар. Шри-Ланкадагы жардыруудан кийинки видео
Акыры маалыматтар боюнча 262 киши каза болуп, 450дөн ашык киши түрдүү жаракат алган. Каза болгондордун арасында Даниянын, Япониянын, Пакистандын, Марокконун, Индиянын, Бангладештин, Кытайдын, Нидерланддардын, АКШнын, Түркиянын жана Улуу Британиянын жарандары бар.

Жардырууларга катыштыгы бар деген шек менен 13 киши кармалды. Ошондой эле полиция кол салууда колдонууну пландашкан деген жүк ташуучу автоунааны табышкан.

Айрым ЖМКлардын жазышынча, жардырууларды жанкечтилер уюштурушу ыктымал. Бул окуяларды өлкө башчысы Майтрипала Сирисена түзө турчу атайын комиссия иликтейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0