Окумуштуулар арыктоо үчүн туздун да пайдасы бар экенин аныкташты

Жазылуу
Окумуштуулардын көбү туз адамдын денесиндеги суюктуктун бөлүнүп чыгышын жайлатып, кан басымды жогорулатып, ашыкча салмак алууга жол ачат деген пикирде болушкан.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Гарвард университетинин окумуштуулары туз организмдеги майларды майдалап жок кылууга жардам берерин аныкташты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Окумуштуулардын көбү туз адамдын денесиндеги суюктуктун бөлүнүп чыгышын жайлатып, кан басымды жогорулатып, ашыкча салмак алууга жол ачат деген пикирде болушкан.

Тамак-аш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эртең мененки тамактан баш тарта көрбөңүз! Зыяны айтылды
Бирок британиялык окумуштуулар "Мир" станциясындагы орус космонавттардын ден соолугуна анализ жасагандан кийин башкача жыйынтыкка келишкен. Алар космонавттар туздуу тамак жегенден кийин суюктукту аз ичип калганын байкашкан.

Ошол эле учурда изилдөөгө катышкандардан заара көп бөлүнүп чыгып, кишинин организминде суунун көлөмү кошумча суюктук ичпестен эле көбөйгөнү байкалган.

Окумуштуулар адамдын денесиндеги мындай өзгөрүүлөрдү май менен байланыштырышууда. Алардын ырасташынча, туз майды майдалап, жок кылууга жардам берет.

Андан сырткары, чычкандарга жасалган эксперименттин жыйынтыгы да көп туз жеген жаныбарлар өзүнүн салмагын туруктуу кармап жүрөрүн көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0