Сооронбай Жээнбеков Казакстандагы жол кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Жазылуу
Өлкө башчысы кесиптеши Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёевге телеграмма жөнөттү.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Алматы — Ташкент унаа жолунда болгон кырсыкка байланыштуу Казакстан менен Өзбекстандын президенттерине көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Жээнбеков адам өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу кесиптеши Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёевге телеграмма жөнөттү.

"Алматы — Ташкент автожолунда болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакайып кетүүнү каалайм", — деп жазылган телеграммада.

Эске салсак, 20-апрель күнү Алматы — Ташкент каттамы менен бара жаткан автобус аласалып кетип, 11 киши көз жумган. Кырсыктан дагы 30 киши жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0