Чет жакта иштөөчүлөргө эки кеңеш. Катар аэропортунда иштеген кыргыз жигиттин маеги

© Фото / из личного архива Дастанбека АйдаралиеваСотрудник международного аэропорта в Катаре, кыргызстанец Дастанбек Айдаралиев
Сотрудник международного аэропорта в Катаре, кыргызстанец Дастанбек Айдаралиев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элет жериндеги мектепти аяктаган Дастанбек Айдаралиев түрк, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөп, төрт жылдан бери Катар өлкөсүндөгү эл аралык аэропортто иштеп келет. Ал эмгектенген аба майданы дүйнөдөгү эң мыкты беш аэропорттун катарына кирет.

Чет жерде эмгектенип, келечекте кичи мекенине кайтып келип, өз тажрыйбасы менен бөлүшүүнү көксөп турган жаш кыргызстандык менен кабарчыбыз Мирбек Сакенов маек курду.

— Дүйнөдөгү эң ири аэропортто кантип иштеп калдыңыз?

— Өзүм Ош мамлекеттик юридикалык университетин жана Жалал-Абадда англис тили боюнча жогорку окуу жайды аяктагам. Катар мамлекетинде 2014-жылдан бери эмгектенем. Бул жакка келгенге чейин Бишкектеги америкалык аскер базасында иштегем. Ал жабылгандан кийин жумуш издеп жүрүп, сынак аркылуу Дохага келип калдым. Ошондон бери бул жактамын.

— Эмне жумуш аткарасыз?

— Башында кардарларды тейлөө бөлүмүндө катардагы кызматкер болчумун. Анан эки жыл иштегенден кийин сынакка катышып, аэропорттун көзөмөл бөлүмүнө өтүп кеттим. Жумушта суткасына канча учак, жүргүнчү келгенин эсептеп турабыз. Ошондой эле кайсы авиакомпаниянын учагы канчада келип, канчада уча тургандыгы боюнча график түзүп, план иштеп чыгабыз.

— Аэропорт күнүнө канча учакты кабыл алат?

— Эс алуучулар көп келген учурда күнүнө 150-200 миңге чейин жүргүнчү келет. Азыр алардын саны 120 миңдин тегереги болуп, күнүнө 600 учак келип кетет.

— Бир топ эле чоң аэропорт экен да. Ошого жараша жергиликтүү бийлик коопсуздук жагын жолго койсо керек?

— Ооба. 152 өлкөдөн келген жумушчулар иштейт. Мындайча айтканда, дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунан чогулгандар. Негизи "Хамад" аэропорту дүйнө жүзүндөгү эң мыкты аба майдандын рейтинги боюнча бешинчи орунда болчу, жакында эле төртүнчү сапка чыкты. Анда тазалык, кардарларды тейлөө сапаты, инфраструктура эске алынган. Коопсуздук жагын айтсам, мен Түркия же Россияда жүргөнгө караганда, өзүмдү бул жактан жакшы сезем. "Акылдуу шаар" долбоору иштеп, көпчүлүк жерге байкоочу камералар орнотулган. Төрт жылдан бери жүрөм, бир дагы жолу тартип сакчылары токтотуп тынчымды алып, документимди текшерген жок. Мыйзам жакшы иштеп, аткаруу органдарынын иши жолго салынган.

— Аба майдандын рейтингинин көтөрүлүшүнө дагы эмне себепкер болуп жатат деп ойлойсуз?

— Жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүү, инфраструктурасынын ыңгайлуулугу жагынан. Аэропорт 2014-жылы эле ачылган. Бул жакта кардарлар үчүн дүкөн, метро, кичинекей балдар ойноочу аянтча, электр тогу менен иштеген чакан унаалар бар. Эгер кардар сегиз сааттан көп транзит менен учуп келсе, аны шаарга бекер жеткирип төрт сааттык экскурсия каралган. Анан кийинки учагын алты сааттан узак күткөндөргө бекер тамак берилет. Ал эми жарым суткадан кийинки каттамын күткөндөрдү авиакомпаниялар бекер мейманканага жаткырат. Бул чоң эмгек.

— Кыргызстандагы аэропорттордун абалын билесиз да. Авиация тармагында иштеп жаткан адис катары биздегилер эмнелерге өтө көңүл бурушу керек деп ойлойсуз?

— Бизге жумуштан арзан билеттерди берип мекенибизге жөнөтүп турушат. Чынында Кыргызстанда тейлөө өтө начар экенин барганда эле көрөсүң. Алардын аткарган жумушун, кылган мамилесин байкап, жөн эле көчөдөн бирөөнү алып келип отургузуп койгонбу деген ой кетет. Жада калса чет жактан келген конокту жакшы тосуп ала алышпайт, аны көрүп зээним кейип кетет. Экинчиден, паспорттук көзөмөлдө отургандардын элге болгон мамилеси өтө начар. Аэропорт деле кыргыздар айтмакчы, эшигин көрүп төрүнө өт деген эле жер. Менимче, биздин авиацияны алдыга жылдыруу үчүн тажрыйбалуу менеджер керек. Бул муктаждык өлкөбүзгө келгенде эле шак көрүнөт. Бизге чет элдик тажрыйбалуу менеджер келиши кажет. Андан сырткары, жумушчуларды чет жактан окутуп, тажрыйба алышыбыз зарыл.

© Фото / из личного архива Дастанбека АйдаралиеваСотрудник международного аэропорта в Катаре, кыргызстанец Дастанбек Айдаралиев
Чет жакта иштөөчүлөргө эки кеңеш. Катар аэропортунда иштеген кыргыз жигиттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Сотрудник международного аэропорта в Катаре, кыргызстанец Дастанбек Айдаралиев

— Жумушуңуздар татыктуу эле төлөнүп берилсе керек...

— Кудайга шүгүр, айлык жакшы эле. Айылдагыларды, үйдөгүлөрдү кичинеден каржылап өзүбүзгө жумшап жатабыз. Кудай буюрса, келечекте иш баштап калаарбыз.

— Кыргызстанга кайтып келүү планыңызда барбы?

— Азыр бул жактан мастер-класс, тренингдерге катышып, болушунча көп нерсени үйрөнүп жатам. Буюрса Кыргызстанга барып, мүмкүнчүлүк берилсе авиация тармагындагы тейлөө жагын жакшыртууга салымымды кошом. Атамекендик авиацияны өнүктүрүүгө кеп-кеңешимди берип, колдон келген аракетимди жумшайм.

— Үй-бүлөңүз менен ал жакта турасыз да, жумушуңуз кандай шарттарды түзүп берген?

— Келинчегим, алты жаштагы кызыбыз болуп Доха шаарында жашайбыз. Аэропорт бизди турак жай менен камсыздаган.

— Катарда иштейм, окуйм же тажрыйба алам деген жаштарга кандай кеп-кеңеш берет элеңиз?

— Бул жакка келүү үчүн документтерди тууралап, тиешелүү маалыматтарды алганы жакшы. Азыр Кыргызстандагы жумуш таап бере турган компаниялар эптеп акча алыш үчүн документтерди берип жиберип жатат. Алар берген келишимдерде турак жай, айлык, башка шарттар толук жазылбай, жаштар Катарга келгенде жумушу жакпай кыйналып же кайра кичи мекенине кеткен учурлары болууда. Бизде жеке фирмалар тиешелүү деңгээлде көзөмөлгө алынбай жаткандыгын жон терибиз менен сезип жатабыз. Мунун аркасында жергиликтүү элге жаман жагыбызды көргөзүп, аброюбузга шек келип жатат. Себеби башка улуттарга салыштырмалуу кыргызстандыктар бир топ эле кадыр-баркка ээ. Арабдар бизди сыйлап, жылуу мамиле жасашат. Ошондуктан алгач келе турган өлкө тууралуу кеңири маалымат чогулткула, экинчиден, келишимдерди тыкыр иликтеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга текшертүү керек. Бул жактагы мекендештер абдан ынтымактуубуз. Биз келгендерге кеп-кеңеш бере алабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0