19:24 03 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
40010

Өлкө башчы доор алмашкан сайын күнөстүү Ош калаасы да жаңырып жатканын белгилеген.

ОШ, 20-апр. — Sputnik. Ош шаары өлкөнүн тарыхы менен, тагдыры менен канатташ жашап, тагдыры элдин тагдыры менен үндөш болду. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде, «Ош — Түрк дүйнөсүн маданий борбору» эл аралык долбоорунун ачылыш аземине катышып жатып айтты.

Белгилей кетсек, иш-чара 19-апрелде башталган. Ага 20дан ашуун мамлекеттен өкүлдөр, өнөрпоздор келди.

Мамлекет башчы Жээнбеков өз сөзүндө Ошту Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялап, аны дүйнөгө жар салган ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна жана анын баш катчысы Дюсен Касеиновго ыраазычылык билдирди.

“Ош — Улуу Жибек жолунун эң башкы артериясы. Бул чөлкөм аркылуу соода кербендери Батыш менен Чыгышты байланыштырып, ар кайсы маданияттар менен улуттарды бириктирип, жакындатып, Чыгыш менен Батыштын көпүрөсү катары бир нече маданияттардын өзгөчө катмарын көргөн. Ош шаары өлкөнүн тарыхы менен, тагдыры менен канатташ жашады. Шаардын тагдыры элдин тагдыры менен үндөш болду. Доор алмашкан сайын күнөстүү Ош шаары да жаңырууда. Өзүнүн социалдык биографиясын өзгөртүп, өнөр жай мегаполиси болуп калды", — деди президент.

Ал Ош шаарына 2003-жылы мамлекеттик маанидеги макам берилип, республикалык өзгөчө маанидеги шаарга айланганын эске салып, өзгөчө колориттеги, динамикалуу өнүгүп бараткан Ош шаары администрациялык-саясий, экономикалык, илим-билим берүүчү, руханий жана тарыхый маданий борбор болуп саналарын белгиледи.

“Шаардын келечеги кең экендигине мен терең ишенем. Байыркы шаарыбыз тарыхында далай сыноолорду баштан кечирди. Бирок кыйын кезеңдерде Оштун көп улуттуу эли ар дайым сабырдуулукту, ынтымакты жана биримдикти сактап келди. Ош шаарынын эли тынчтыктын баасын билген, ынтымакты жогору баалаган эл. Мына ушулардын баарын эске алганда ордолуу Оштун ТҮРКСОЙ тарабынан „Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору“ болуп жарыяланышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ушул ыйык милдетти байыркы Ош, касиеттүү шаарыбыз аркалап жатат. Биздин майрамга келген бардык өнөр адамдарына, алыс-жакындан келген ардактуу меймандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз", — деди өлкө башчы.

Аталган долбоор эртең, 21-апрелде, Ош шаарында улантылат.

Тема боюнча

Сүмөлөк, ыр-күү. "Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" долбоору башталды. Сүрөттөр
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, концерт, долбоорлор

ЭҢ МААНИЛҮҮ