Үч жигиттин дасторконду тебелеп баштык толтурган дагы бир видеосу чыкты

© Sputnik / Ратушенко / Медиабанкка өтүүТаджикский праздничный стол - дастархан
Таджикский праздничный стол - дастархан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талант Өмүралиев аттуу Facebook колдонуучусу видеону жүктөп, "Баштык операциясы жана шермендечилик боюнча видеонун башка тарабынан тартылганы" деп жазган.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Социалдык тармактарда конокко барган бир топ жигиттин дасторконго коюлган даамдарды талашып, баштык толтуруп жаткан дагы бир видеосу тарады.

Аталган видеону Талант Өмүралиев аттуу Facebook колдонуучусу баракчасына жүктөп, "Баштык операциясы жана шермендечилик боюнча видеонун башка тарабынан тартылганы" деп жазган.

Эки күн мурун тойго барган жигиттердин жосунсуз жоругу тартылган видео тарап, коомчулуктун сынына кабылган. Бул аралыкта тасманы Facebook тармагында бир эле аккаунттан 218 миң адам көрүп, 2650 адам бөлүшкөн. Комментарий жазгандардын саны миңден ашты.

Ал кадрда эки адам дасторконду тебелеп жаткан. Бүгүн жарыяланган видеодон баштыгын толтуруу үчүн үч жигит дасторкондун ортосуна туруп алып, нанды тээп, баштык толтуруп жүргөнүн көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0