Башка эркектерден жылуулук издеп... Күйөөсү бар келиндин каты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүү13-й Благотворительный Венский Бал в Москве
13-й Благотворительный Венский Бал в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында арзууга баш-оту менен берилген аялдын каты жарыяланды.

"Турмушка чыкканыма беш жылга чукулдады. Жолдошум менен сүйлөшүп эле баш кошконбуз. Ортобузда эркек балабыз бар, азыр ал бакчага барат. Күйөөм да, мен да мамлекеттик жумушта иштейбиз. Жашым 32де, жолдошум менден эки жаш улуу. Кудайга шүгүр, үйүбүз бар. Эл катары жашап жатабыз.

Артын карап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эч нерсе сезбейм... Күйөөсүнө "ыраазы болбогон" аялдын бугу
Акыркы күндөрү бир маселе жүрөгүмдү өйүчү болду, ал адатты такыр таштай албай жатам. Күйөөм жакшынакай, үйрүлүп түшпөсө да сыйлап турат. Акылдашып оокат кылабыз дегендей. Бирок ошого карабай кээде башка эркектерди жактыра берчү болдум. Алып учуп сүйбөйм деле, жактыруу сезимдери болот. Кээде алар менен телефондон жазышам, кээде жолугам. Бирок эч кимиси менен ала жипти аттаган эмесмин.

Өткөндө жумуштагы бир мырзаны жактырып калып, эки ай өзүмчө аны менен "ооруп" жүрдүм. Көргүм келип, жумушка шашып, айтор, бир башкача сезимдер коштоду. Ошол эле учурда күйөөмдү деле жакшы көрөм. Ага болгон сезимдер башкача...

Кесиптешим да мени жактырып жүргөнүн байкадым, бирок сыр билгизчү эмесмин. Эки айдан кийин баягы жакшы көрүү сезимдер өзүнөн өзү эле сууду. Убакыт өткөндөн кийин кайра башкасын жактырам, айтор, бул адатпы же оорубу, билбейм. Эки жылдан бери ушундай абалда жашап жүрөм. Көзүмө жакшы көрүнүп же жакшы мамиле жасаган адамга арзый берчү болдум. Эмне себептен мындай болушу мүмкүн? Үй-бүлөмдүн бузулушун, бул сырымды жолдошум билишин каалабайм. Анын баарын билип турсам да, сезимдеримди башкара албай жатам".

Кадиян Бообекова, психолог:

— Саламатсызбы, урматтуу айым! Сиздин башканы жактыруу сезимиңиздин болгону нормалдуу көрүнүш. Мындай сезим көп эле адамдарда болот. Бул үчүн коркуп же өзүңүздү жемелөөнүн кажети жок. Башкысы — жолдошуңузду жакшы көрүп, үй-бүлөңүздү бузгуңуз келбегени абдан жакшы. Анткени башканы сүйүп, бүлөсүн таштап салган аял, эркектер көп.

Кучакташып турган жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш келинге арзып калдым окшойт... Бүлөлүү эркектин баяны
Негизи аялга деле, эркекке деле көңүл буруу, жылуу сезим жетишпегенде аны башка адамдардан издей баштайт. Жакшы сүйлөп, жакшы карап койгон адам жакын сезилет. Жумуш же башка нерсе жубайлардын мамилесинин муздашына шылтоо болбош керек. Чындап эле күйөөңүзгө жакын болуп, мурдагыдай ага болгон сезимдериңизди ойготкуңуз келсе, аны менен сейилдеп, көңүл ачууга убакыт табыңыз, көбүрөөк баарлашыңыз, сүйлөшүңүз. Бири-бириңерге кызыгууңарды арттыргыла. Экөөңөр алыстап кеткенсиңер. Ошол себептен да башкадан жылуу мамиле издеп жатасыз.

Жолдошуңуздун жакшы жактарын санаңыз, аны кайрадан алгач сүйгөндөй сүйүп көрүңүз. Башкысы — башка бирөөнү жактырып же ойлоордун алдында үй-бүлө, жолдошуңар экөөңөрдүн мамилеңер биринчи кезекте турарын эстеңиз. Ошол учурда баары өз ордуна келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0