17:13 18 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Коом
Кыскача шилтеме алуу
725 0 0

20дан ашуун уюм жарманкеге келгендер үчүн бош орундар тууралуу айтып бермекчи.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте 25-апрель күнү кезектеги вакансиялар жарманкеси өтө турганын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү башкармалыгы билдирди.

Иш-чара саат 10.00дө Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунда өтөт. Белгилей кетсек, окуу жай Фрунзе көчөсү, 547 дарегинде жайгашкан (Манас проспектиси менен кесилишет).

Жарманкеге Бишкек шаарындагы 20дан ашуун уюм менен ишканалар катышып, 4000дин тегерегиндеги вакансия сунушталат.

Кандай жумуш орундары бар экенин 0(312) 43-47-70, 43-47-49, 43-47-65 телефондору аркылуу билүүгө болот.

Тема боюнча

Дагы эле иши жок жүрөсүзбү? Бишкекте вакансия жарманкеси өтөт
Иш издеп жатасызбы? 4 000 вакансиядан каалаганыңызды тандап алыңыз
Финансы министрлигинде бош орун бар. Иштейм дегендерге талаптар
Белгилер:
Бишкек, вакансия, жарманке

ЭҢ МААНИЛҮҮ