Баннердеги ката: министрлик сотко кайрылган кызматкери боюнча жооп берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовМинистерство образования и науки Кыргызской Республики
Министерство образования и науки Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ведомстводон билдиришкендей, ката кетип калганына Абылкасымова жетектеген башкармалык жоопкер.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мурдагы кызматкери Гүлмира Абылкасымованын сотко кайрылган кадамы боюнча үн катты.

Открытка кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркекти 8-марты менен куттуктаган Абировдун каты. Шаардык кеңеш түшүндүрмө берди
Абылкасымова Бишкекте өткөн Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда илинген баннердеги ката үчүн иштен алынган. Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары трибунанын алдындагы жазууда ката кеткенин байкап, бул тууралуу жазып чыгышкан. Өз кезегинде билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева ал жерде эч кандай деле ката жок экенин айткан болчу.

Абылкасымова буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына иштен алынганын мыйзамсыз деп эсептей турганын, министрликти сотко бергенин билдирген.

Министрлик иш-чаранын планы менен буйрукка ылайык форумду өткөрүүгө Кесиптик билим берүү башкармалыгы жоопкер болгон.

"Абылкасымовадан сырткары, форум материалдарынын чыгарылышына жоопкер болгон мамлекеттик сатып алуулар секторунун жетекчиси дагы иштен алынган. Абылкасымованын иш стажы боюнча айта турган болсок, иштин сапаты канча жыл иштегенден көз каранды эместигин белгилейт", — деп ведомствонун маалыматында айтылат.

Ошондой эле министрлик акыйкаттыкты сот аныктай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0