Ош шаарында Кыргыз-орус медиа форуму өткөрүлүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы менен уюштурулду.

ОШ, 19-апр. — Sputnik. Ош шаарында Кыргыз-орус медиа форуму өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган Кыргызстандагы аймактык эксперттердин "Пикир" клубунун өкүлдөрү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган медиа форум Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы менен уюштурулуп, эки өлкөнүн алакасынын өнүгүшүндө ЖМКнын ролун талкуулоого арналды.

Московский Кремль - Sputnik Кыргызстан
Россияда 2020-жыл Кыргызстандын жылы болот
Анда Кыргызстан менен Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара кызматташтыгынын келечеги, журналисттик этика, журналистиканын өнүгүүсүндөгү актуалдуу тенденциялар, маалыматтык кооптуулук талкууга алынат.

Иш-чарага КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Садыков, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун башкы директору Елена Череменина, КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып жатат.

Аталган медиа форум эки өлкөнүн медиа тармагынын адистерин бириктирүүчү аянтчага айлана тургандыгы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0