Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Фотоаппаратсыз эле кантип жакшы сүрөт тартууга болот? Россиялык фотографтын кеңеши

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиялык фотожурналист Владимир Песня
Россиялык фотожурналист Владимир Песня - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык сүрөтчү бишкектик кесиптештерин өсүп-өнүгүүгө чакырып, фотограф үчүн кенен ой жүгүртүү абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россиялык фотожурналист Владимир Песня "Сүрөт баян — фотографиялык кризистен чыгуунун жолу" аттуу мастер-классында немец сүрөтчүсү Михаэль Вольфтун эмгектери тууралуу айтып берди.

Иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өттү.

Песня фото баян жасоо үчүн ар түрдүү жаңы ыкмалар чыга баштаганын айтты.

"Немец сүрөтчүсү Михаэль Вольф эки ирет World Press Photo премиясын алды. Бир жолку сүрөтүнө ал фотоаппарат колдонгон эмес, скриншоттордун сериясы болчу. Аларды Вольф компьютерде отуруп эле Google Street View сервисин карап жасаган. Ал жактан фотограф жан кейиткен окуяларды, мушташ, ал тургай адам өлтүрүүлөрдү тапкан", — деди Песня.

Экстремалдык геосаясий журналистика жаатында Юлиан Семенов атындагы сыйлыктын ээси, репортер, фотограф жана РИА Новости агенттигинин баяндамачысы Вера Костамо - Sputnik Кыргызстан
SputnikPro: канткенде универсал журналист болом? Адистен 6 кеңеш
Россиялык сүрөтчү бишкектик кесиптештерин өсүп-өнүгүүгө чакырып, фотограф үчүн кенен ой жүгүртүү абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Владимир Песня ЖМКда 1996-жылдан бери иштейт. Анын ичинде "Спорт Экспресс", "Советский спорт" жана "Спорт день за днем" гезиттери, Epsilon фотоагенттиги бар. Ошондой эле ал Getty Images жана башка басылмалар менен дагы кызматташкан. 2011-жылдан бери россиялык "Новости" маалымат агенттигинин атайын фотокабарчысы. World Press Photo, Sportfolio Festival, NPPA Best of Photojournalism, Nikon Photocontest аттуу россиялык жана эл аралык фотосынактардын лауреаты.

Жаңылыктар түрмөгү
0