Депутат: Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы жылына 2 млн. доллар таза пайда берет

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорукана толук ишке киргенден кийин жылына 9,5 миллион киреше табат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов Бишкек шаарына салынган Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы жылына 2 миллион доллар таза пайда таба турганын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Строительство больницы кыргызско-турецкой дружбы в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Депутат Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасын менчикке сатууну сунуштады
Бүгүн депутаттар "2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз өкмөтү менен түрк өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карашты.

Пирматов оорукана толук ишке киргенден кийин бир жылдык кирешеси 9,5 миллион доллар, ошол эле учурда оорукананын бардык чыгымдары (электр энергиясы, айлык акы, дары-дармек, тамак-аш, колдонулуучу кошумча каражат) 7,5 миллион доллар болорун айтты. Башкача айтканда, оорукана жылына 2 миллион доллар таза пайда менен чыгат.

Депутат, андан сырткары, оорукананын башкалардан айырмачылыктарын айтып, артыкчылыктарына токтолду.

"Бул ооруканада бекер кызмат көрсөтүлбөйт. Бирок мамлекеттик оорканалардан айырмаланып, бардык төлөмдөр кассага түшөт. Ал жактагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы рыноктогу баалардан жогору болбойт. Эң оор формадагы хирургиялык операция 1000 долларга жасалат. Бул жакшы нерсе да. Ошондой эле анализдердин баасы бир кыйла арзан болот", — деди ал.

Эл өкүлү ошондой эле түрк тарап үч жыл бою оорукананын иштөөсү үчүн жылына 5 миллион доллар бөлөрүн, бул үч жылда 15 миллион долларды түзөрүн кошумчалады.

Кыргыз-түрк достугун даңазалаган оорукана - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-түрк достугун даңазалаган оорукана
"Бир суроону эске алсаңыздар, үч жылда жылына 5 миллион доллардан сарптаганда 15 миллион доллар болот. Демек 2 миллионго 5 миллионду кошкондо жылына 7 миллион доллардан оорукана пайда көрүп жатат. Түрктөр үч жылдан кийин оорукананы бизге өткөрүп бергенден кийин кассада 20 миллион доллардын тегерегинде акча калыш керек деп жатабыз. Бул нерсени комитеттин чечиминде да көрсөттүк", —деди депутат.

Пирматов мамлекет буга чейин өзүн жакшы менеджер катары көргөзбөгөнүн айтып, түрк тарап оорукананы башкарууну толугу менен Кыргызстанга өткөрүп бергенден кийин аны менчикке берүү маселеси көтөрүлүп калышы ыктымалдыгын билдирди.

"Эгер үч жылдан кийин чындап эле 20 миллион доллар калып, жыл сайын 2 миллион доллардан пайда алып келе турган болсо, мамлекет өзүн жакшы менеджер катары көрсөтсө, аны менчикке сатуу боюнча маселе көтөрүлбөшү керек. Эгер биз күткөн нерселер ишке ашпаса, анда төртүнчү жылы анын ишин токтотуу маселесин көтөрүшүбүз керек", — деди эл өкүлү.

Талкуу учурунда саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев оорукана жыл аягына чейин ишке берилерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0