Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасын кимдер башкара турганы так айтылды

© Фото / Пресс-служба Минздрава КРКыргыз-түрк "Достук" ооруканасы. Архив
Кыргыз-түрк Достук ооруканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкаруу кеңешинде беш киши болот. Анын экөө кыргыз тараптан, үчөө түрк тараптан дайындалат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкектин Фучик көчөсүндө салынган Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынын административдик жана финансылык жагын беш кишиден турган кеңеш башкарат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар "2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз өкмөтү менен түрк өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууруалуу" мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карашты.

Депутат Исхак Масалиев оорукананы кимдер башкара турганын сурады.

Строительство больницы кыргызско-турецкой дружбы в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Депутат Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасын менчикке сатууну сунуштады
Министрдин айтымында, кыргыз тарап менен түрк тарап оорукананы үч жыл бирге башкарат, андан кийин оорукана мамлекеттин карамагына өтөт.

Атап айтканда, башкы дарыгер түрк тараптан дайындалса, анын орун басары Кыргызстандан дайындалат. Ал эми финансы жагынын башына келчү кадр түрк тараптан болот, анын орун басары кыргыз тараптан. Мындан тышкары, кеңешке ТИКА уюмунан бир өкүл кирмекчи.

Саламаттык сактоо министри Чолпонбаев Түркия оорукананы үч жыл каржылап берерин, андан кийин оорукана мамлекеттин карамагына өтөрүн айтты.

Андан сырткары, ооруканада жалпысынан 300 киши иштей турганын, анын 30у Түркиядан келип-кетип иштей турганын белгилеп, оорукана жыл аягына чейин ишке берилет деп сөз берди.

Министр жаңы салынган оорукана үчүнчү деңгээлдеги дарылоо мекемеси болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0