Славян университети таза суу боюнча адистерди даярдоочу факультет ачууну өтүнүүдө

Жазылуу
Шарапов университеттин өкүлдөрү вице-премьер Алтынай Өмүрбековага да кайрылганын белгиледи.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов ага Бишкектеги Кыргыз-Россия Славян университетинин архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин деканы жана кафедра башчысы кайрылганын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, университет таза суу боюнча адистерди даярдоону максат кылууда.

"Кийинки окуу жылына 80-100 студентти таза суу боюнча адистикке окутууну суранып жатышат. Анын 50сү бюджеттик, 50сү келишимдик орун болот экен. Баарыңар билгендей, 2001-жылдан бери салынган таза суу түтүктөрү бир-эки жыл эле иштеп элге кызмат кылбай жатат. Азыр жогорку билимдүү кадрларды даярдоо замандын талабы", — деди ал.

Депутат ушул факультетти Славян университетине ачып берсе жакшы болорун кошумчалап, аталган окуу жай тиешелүү талаптарга жооп бере турганын айтты.

Шараповдун айтымында, университеттин өкүлдөрү өтүнүч менен вице-премьер Алтынай Өмүрбековага да кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0