Путин кыздарды күлкүгө салды. Кремлдеги ирмемдер

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин жолугушуу учурунда
Россия президенти Владимир Путин жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрдык башкарууну өнүктүрүү боюнча резервдерди даярдоо программасы аймактык жана федералдык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди окутат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин жолугушуунун соңунда аны менен сүрөткө түшөбүз деген кыздарды күлкүгө салды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

​Окуя мамлекет башчы менен кадрдык башкарууну өнүктүрүү боюнча резервдерди даярдоо программасынын экинчи агымынын бүтүрүүчүлөрү менен жолукканда болгон.

— Кыздар болуп дагы түшүп алсак мүмкүнбү? — деп сураган Путинден бүтүрүүчү кыздардын бири.

— Мен өзүм да түшкүм келип жатат, — деген Путин тамашалап. Зал дароо каткырган.

Кадрдык башкарууну өнүктүрүү боюнча резервдерди даярдоо программасы аймактык жана федералдык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди даярдайт.

Кремль окутуудан өткөн 76 кишинин ичинде — аткаминерлер, мамлекеттик жана жеке компаниялардын топ-менеджерлери, аймактардын башчылары бар экендигин билдирди.

Путин экинчи агымдын угуучулары менен жолуккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0