Кыргызстанда жана КМШда орточо айлык канча? Статистика

Жазылуу
Кыргызстанда иштеген жарандарга Казакстанга салыштырмалуу эки эсе аз айлык төлөнөт.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң аз маяна аларын Улуттук статистика комитети маалымдады.

Кыргызстандыктар россиялыктарга салыштырмалуу үч эсе, казакстандыктар менен белоруссиялыктардан эки эсе аз айлык алышат. 2018-жылга карата өлкөдө орточо айлык 235,6 доллар же 16421 сом деп аныкталган.

Учительница средней школы - Sputnik Кыргызстан
Президент быйыл күздө мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы көбөйөрүн айтты
Орточо маяна Тажикстанда 133,3, Өзбекстанда 226, Азербайжанда 317,7, Украинада 328,3, Арменияда 356,9, Молдовада 408,3, Казакстанда 471, Беларусияда 469,6, Россияда 694,7 долларды түзөт.

Баса, өлкөдө эң жогорку маяна программисттер менен финансисттерге сунушталат экен. Алар айына 30 миңден 140 миң сомго чейин алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0