Кыргызстандагы менчик клиникалар эмне болот? Депутат маанилүү мыйзам жөнүндө

© Sputnik / Юрий Стрелец / Медиабанкка өтүүОткрытие клинического госпиталя «Мать и дитя» в Самаре
Открытие клинического госпиталя «Мать и дитя» в Самаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилге мамлекеттик жана менчик ооруканаларга бирдей шарт түзүү үчүн көтөрүлгөн. Долбоор эми Жогорку Кеңештен өтүшү керек.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы менчик клиникалардын иши кандай болуп өзгөрүшү мүмкүндүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Альфия Самигуллина айтып берди. Ал пикирин Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн тегерек столдо билдирди.

Депутаттын айтымына караганда, "Кыргыз Республикасындагы менчик медицина" жөнүндө мыйзамдын долбоору саламаттык сактоонун мүмкүнчүлүгү менен тең укуктарын анын түрүнө карабастан камсыздоого багытталган.

"Долбоордо Саламаттык сактоо министрлигинин жеке клиникалар менен иштешүү чаралары туурасында белгилеп кеттик. Анын ичине лицензия маселеси да кирди. Мыйзамдын беренелеринин биринде менчик клиниканын бейтапка тез жардам көрсөтүүгө милдеттүү экени жазылган. Бул кызмат мамлекет тарабынан кантип жана кандай көлөмдө компенсацияланарын эсептеп чыгуу зарылдыгы да айтылган", — деди ал.

Самигуллина андай клиникалардын жетекчилери мамлекет менен кызматташканда эмне пайда болорун түшүнүүсү зарыл. Андыктан мамлекет тарабынан жеке медицинанын субъектилерин колдоо туурасында да айтылган.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жон терим менен сездим. Медицинаны акы төлөөгө өткөрүү керек экен
"Медициналык жабдуулар оорукана үчүн көп акча турарын баарыбыз түшүнөбүз. Андыктан долбоордо мамлекеттик кепилдик программасына жеке клиникаларга кредит, лизинг берүү, салыктан жеңилдик кылуу боюнча да айтылган", — деди ал.

Депутат жеке медициналык кызмат көрсөтүү республиканын ири шаарларында гана өнүгүп, элет эч нерсеси жок калгандыгын эске салды.

Саламаттык сактоонун менчик түрүн өнүктүрүүнүн зарылдыгын анын кесиптеши, ЖК депутаты Бактыбек Турусбеков да айтты.

"Саламаттык сактоонун менчик түрүнө маанилүү делген өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мезгил жетти. Аталган долбоордо бул жааттагы менчик тараптардын кантип иштөөсү, алынган лицензиясы, элди сапаттуу тейлөөнү жакшыртуу сунуштары жазылган", — деди ал.

Кольская центральная районная больница - Sputnik Кыргызстан
Депутат: менчик клиникадагылар миң долларга чейин айлык алат
Жеке клиниканын башкы дарыгери Александр Тимухин иш тартип жана талаптар бардык медициналык жайлар үчүн бирдей болушу зарылдыгын белгиледи.

"Аккредитация менен лицензиялоо менчик клиникаларга гана эмес, мамлекеттик жайларга да тиешелүү болушу зарыл. Аталган тармакта иштеп жаткандардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдеш керек", — деди Тимухин.

Ал тиешелүү аккредитация ар бир клиникада түрүнө карабастан жасалышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0