Ысык-Көл облусуна сегиз тез жардам унаасы алынды

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской области"Ысык-Көл өнүктүрүү" фонду тарабынан облуска сегиз тез жардам унаасы тапшырылды
Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан облуска сегиз тез жардам унаасы тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы автоунаа алууга дээрлик 7,5 миллион сом каралган.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. "Ысык-Көл өнүктүрүү" фонду тарабынан облуска сегиз тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жаңы автоунааларды алууга фонд тарабынан 7 миллион 400 миң сом каралган.

Расмий тапшыруу аземине саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жана дарыгерлер катышты.

"Сатып алынган унаалар өтө муктаж болгон район, шаарларга бөлүштүрүлдү. Атап айтканда, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына бир унаа, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна эки унаа, бир автоунаа Жети-Өгүз райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борборуна, Ак-Суу райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борборуна бир автоунаа, Ак-Суу райондук аймактык ооруканасына бир автоунаа, Балыкчы шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бир автоунаа жана Ананьево айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бир автоунаа берилди", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, аталган фонд облустагы медицина тармагын жакшыртууга аракеттерди көрүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0