Коопсуз шаар: айдоочулар кайсы эрежени көп бузууда? Статистика

© Sputnik / Эмиль СадыровПроект "Безопасный город" в Бишкеке
Проект Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-марттан бүгүнкү күнгө чейин мониторинг борбору жалпы жонунан 46428 эреже бузууну каттаган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айдоочулар кайсы жол эрежелерин көп бузуп жатканын айтып берди.

Передвижной аппаратно-программный комплекс для фиксации нарушений Правил дорожного движения Автопатруль радар - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаардын" камерасын талкаламакчы болгон милиционерге чара көрүлдү
Баратованын берген маалыматы боюнча 4-марттан бүгүнкү күнгө чейин жалпы жонунан 46 428 эреже бузуу катталган.

Анын ичинде эң көп — 19 492 айдоочу жол белгилерин карабаса, 17747 айдоочу көрсөтүлгөн ылдамдыктан саатына 20 чакырымга ашыра айдаган. Азырынча аялдама же унаа токтотуучу жайдан эки гана айдоочу эреже бузуп айып пул төлөгөн.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоору 12-февралдан тарта ишке кирген. Бирок жол эрежесин бузган айдоочуларга 4-марттан тарта гана айып салына баштаган.

"Коопсуз шаар": айдоочулар көп бузган жол эрежелери
Коопсуз шаар: айдоочулар кайсы эрежени көп бузууда? Статистика - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаар": айдоочулар көп бузган жол эрежелери

Гүлмира Баратова кайсы көчөлөрдүн кесилишинде "Коопсуз шаар" долбоору боюнча жол эрежесин бузгандар көп катталып жатканын да айтып берди.

"Горький — 7-апрель көчөлөрү, Манас проспектисиндеги көпүрө (Путепроводная), Байтик баатыр көчөсүндөгү көпүрө (Путепроводная), Бөкөнбаев — Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиштеринде ылдамдыкты сактабагандар көп болууда. Ошондой эле Жибек Жолу — Абдрахманов, Чүй — Курманжан датка жана Бишкек – Торугарт унаа жолунун 10-чакырымында да айдоочулар эрежени сактабайт", — деди Баратова.

Долбоордун биринчи этабында Бишкекке 12, экинчи этабында 11 камера коюлган. Алардын даректерин төмөнкү материалдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0